Асептика (a... жана грекче septikos - ириңдүү, прпңдетүүчү) - операцияда, жарат таңууда керектелүүчү аспап, жип, тампон жана ушул сыяктуу буюмдардагы микробдорду физикалык жолдор менен зыянсыздандыруу чаралары. Асептика жаратка ириңдетүүчү бактерияларды киргизбей, аларды жок кылууга багытталган. Немец хирургу Э. Бергман зыянсыздандыруунун жаңы ыкмасын иштеп чыккан. Операцияда же таңууда пайдаланылуучу материал микроорганизмден тазаланат (стерилдөө). Хирургдун колу атайын каражаттар менен стерилденет. Биринчи медициналык жардам берүү эрежелерин да сактоо зарыл. Үй шартында стерилденген таңуучу материалдар (даки, бинт, салфетка, кебез ж. б.) дайыма болуш керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1