Аскетизм (гр. asкetes - көнүгүү) - өз эрки м-н күнүмдүк турмуш жыргалчылыктарынан баш тартуу же ашкере чектөө м-н такыба жашоо. Аскетизм термини алгач атлеттердин спорттук көнүгүүлөрүн билдирсе, кийинчерээк бир катар диний ж-а философиялык агымдардын концепцияларынын негизи болуп, ар кандай түрдө кездешет: тамак-ашты чектөө (орозо, пост ж. б.), үй-бүлө куруудан баш тартуу, так өтүү, целибат, жакырчылык, дербишчилик, өз денесине залал келтирүү ж. б. Алгачкы коомдо эле табияттан тышкары күчтөр, арбактар м-н байланыш түзүү үчүн бакшылар тамак-аш, уйкудан ж. б. өздөрүн чектеп даярдык көргөн. Аскетизм айрым философиялык мектептерге (мисалы, киниктер) ж-а диндерге (христианчылык, индуизм ж-а ислам) мүнөздүү. Муктаждыктардан бошонууга, экстаз абалында «табигаттан тышкары жөндөмдүүлүккө» жетишүү (йога), Христос чеккен «азапка» ортоктош болуу сыяктуу ар кандай аракеттер аскетизмдин тышкы ж-а түпкү максаты болушу мүмкүн. Аскетизмдин олуттуу жүйөлөрүнүн бири катары (бай төбөлдөр үчүн) коомдук артыкчылыктардан пайдалануудан өз ыктыяры м-н баш тартуу эсептелет.