Ассонанс (фр. assonanсе - үндөштүк, уйкаштык) - уйкаштыкта же улам кийинки сөздөрдө үндүү тыбыштардын кайра-кайра кайталанышына негизделген стилистикалык ыкма. Мындай кайталоо, же үндүүлөрдүн үндөштүгү ырдын башында же бүтүндөй ыр жолдорунда болушу мүмкүн. Ассонанс элдик ырларда көп кездешет, мисалы:
Агарып аткан таң бекен,
Агарган таңдай жан бекен.
Асмандап учкан каздайым,
Ак жайык жаткан саздайым.

Мисалдардан көрүнүп тургандай, «а» тыбышынын кайра-кайра кайталанышы ассонанс түзүп, поэтикалык речтин жагымдуулугун, уккулуктуулугун арттырууда.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1