Асуан - Египеттин түштүк-чыгышындагы шаар. Асуан мухафазасынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 241,3 миң (2005). Нил дарыясынын оң жээгинде жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Дарыя порту. Туристтик борбор. Климаттык курорт.

Асуан.

Асуан - Египеттин байыркы шаарларынын бири. Байыркы египеттиктер Суин, гректер Сиена деп аташкан. Номарх Саренпут IIнин таш күмбөзү (биздин заманга чейинки 20-кылым), Ыйык Симеондун христиан монастырынын калдыгы (8-13-кылым), минарет жана көптөгөн чамгарактуу мавзолейлер (10-11-кылым) сакталган. Филе аралында Осириса менен Исида (эллада мезгилин) жана «Киоск Траяна» (грек-рим мезгил) храмдар комплекси бар. Булар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Асуан (азыркы Насер) суу сактагычынын курулушуна байланыштуу эстеликтер Агилкия аралына көчүрүлгөн. Жогорку индустриялык институту (1962), Нубия музейи (1997), ботаникалык бак бар. Асуан - маанилүү өнөр жай борбору. Химия (азот жер семирткичин чыгарат), металлургия, жеңил, тамак-аш өнөр жайы иштейт. Мусулман-исмаилиттердин зыярат кылуучу жайы. Асуанга жакын жайгашкан гидроэнергетикалык комплекси СССРдин жардамы м-н курулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1