Атаман — 1) мамлекеттин бийлигине баш ийбеген аскер отрядынын же тобунун (кээде каракчылар тобунун) башчысы; 2) казак-орустардын аскер башчысы. Россияда элдик көтөрүлүштөрдүн жетекчилерин да атаман дешкен (мисалы, Степан Разин). Дон казак-орустарында атамандар аскер кому тарабынан шайланышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1