Атлантроп - (Атлас - Африкадагы тоолуу өлкө ж-а гр. anthropos - адам) - Африканын түндүгүнөн табылган адам сөөгүнүн аталышы. 1954-55-ж. Алжирден француз археологдору тарабынан ачылган. Атлантроптун жаак сөөгү өтө чоң, ээк сөөгү жок, тиштери чоң, төбө сөөгү калың болгон. Сөөктөр м-н кошо шелль-ашель дооруна таандык таш куралдар да табылган. Анатомиялык түзүлүшү жагынан атлантроп эң байыркы адамдарга архантропторго окшош, питекантроптордун Түндүк Африкадагы түрүнүн өкүлү катарында эсептелет. Атлантроптор болжол м-н мындан 360 миң жыл мурда жашаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1