Атлас, Географиялык атлас - Географиялык карталардын өзүнчө том болуп чыгышы же бир папкага бириктирилген барактардын системалуу жыйындысы, мисалы, географиялык атлас.

Атлас (1658).

Тарых түзөтүү

Байыркы грек окумуштуусу Клавдий Птолемейдин (2-к.) географиялык карталар жыйнагы кийинки географиялык атластардын түзүлүшүнө негиз болгон. «Атлас» деген атты (легенда боюнча асман глобусун биринчи болуп жасаган Ливиянын мифтик королу Атластын ысмынан) 1-жолу 1592-ж. картограф Меркатор колдонгон. 16-кылымдын аягында атайын даярдалган алгачкы атластар басылып чыга баштайт. Алардын ичинен Л. Вагенардын деңиз навигация карталарынын 2 томдук жыйнагы (1584-85) белгилүү. 17-кылымда атластар көбүнчө Голландияда даярдала баштайт. 1701-ж. С. Ремезов 1-орус географиялык атласы «Сибирдин чийме китебин» түзөт. 18-кылымда атлас түзүү Париж, Петербург, Берлин ИАларында көрүнүктүү орунду ээлеген. 19-кылымда тематикалык атластар пайда боло баштайт. Географиялык атластын төмөнкүдөй түрлөрү бар: камтыган аймагына карата дүйнө жүзүнүн, айрым өлкөлөрдүн жана облустардын атластары; мазмуну боюнча жалпы географиялык карталардын атласы, тематикалык карталардын тармактык атластары (мисалы, климаттык, геологиялык, Дүйнөлүк океандын); көптөгөн өзара байланышкан кубулуштардын (мисалы, Дүйнөлүк океандын климаты менен океанографиясынын) же көрсөтүлгөн аймакка толук мүнөздөмө берүүчү комплекстүү атластар; арналган максатына карай илимий-маалымат наама, крайтаануу, окуу, туристтик, жол катнашы жана башка атластар. Дүйнөлүк атластардын ичинен сов. атластар айрыкча баалуу: Дүйнө жүзүнүн атласы (1954, 1967, 1999); Дүйнө жүзүнүн физ.географиялык атласы (1964); Деңиз атласы (4 томдук, 1950-63); Дүйнө элдеринин атласы (1964); Антарктика атласы (1966-69) жана башка Башка өлкөлөрдө түзүлгөн атластардан Дүйнө жүзүнүн оксфорд экономикалык атласы (1965) көрүнүктүү орунда. Көп өлкөлөр өз калкын, экономикасын, мадабиятын, табиятын чагылдырган жана тармактык атластар түзгөн. Өзгөчө мааниге СССРдин климаттык атласы (1960-63), эл-аралык дүйнө атласы (2003) менен мамлекеттердин, крайлардын, облустардын атластары илимий практикалык жана жалпы маалымат алууга өтө пайдалуу түзүлгөн. Кыргызстандын алгачкы атласы 1987-ж. жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү