Атмосфера фронту, тропосфера фронту - атмосферадагы (тропосферадагы) физикалык касиеттери ар түрдүү болгон аба массаларын бөлүп турган өтмө зона.

Атмосфера фронту.

Алардын туурасы 20-60 км, уз. 4-5 миң кмге жетет. Мында муздак агымдын жылуу агымга кошулган жеринде аба ырайы (температурасы, шамал жана анын багыты, абанын нымдуулугу) өзгөрө баштайт да, ал жерде аба массаларынын кыймылы жүрөт. Тыгызыраак келген муздак аба жер бетине жантыгынан (шынаа сыяктуу) жайгашып, жылуу аба анын үстүндө жатат. Атмосфера фронттогу дайыма муздак аба жагына кыйшайган абалда болот. Анын бурчу өтө кичине, орто эсеп менен 1: 100гө барабар.

Атмосфера фронттугунда басымдан башка метеорологиялык элементтер горизонталь боюнча чукул өзгөрүлөт. Атмосфера фронттогуну суткалык ылдамд. 1000-1500 км чейин жетиши мүмкүн. Атмосфера фронттогу жылган багытына жараша муздак (катафронт) жана жылуу (анафронт) болуп бөлүнөт. Мындай фронттордун кошулушунан пайда болгон татаал фронт - окклюзия, ал эми негизги географиялык типтеги аба массаларын бөлүп турган фронттор башкы фронттор деп аталат. Аларга арктика, поляр, тропик фронттору кирет. Атмосферадагы калың кара булуттар, жаан-чачын, катуу шамал, чагылгандуу жаан ж. б. кубулуштар көбүнчө Атмосфера фронттогуна байланыштуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1