Аттестация (лат. attestatio — күбөлүк) — кызматкердин профессионалдык деңгээлин ж-а ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун баалоо. Атайын комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Аттестация кадрларды туура жайгаштыруу, мамлекеттик кызматкерди квалификациялоо үчүн керек. Продукциянын сапатын, окуучунун билим деңгээлин аныктоо да аттестация деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1