Ат атооч — башка сөз түркүмдөрүнүн ордуна колдонулуп, заттарды, түшүнүктөрдү же заттардын кайсы бир белгилерин атабастан туруп, аларды жалпылап көрсөткөн сөз түркүмү.Ат атооч бул- 1488

Маанилик түрлөрү түзөтүү

Ат атооч маанилик түрүнө карай 6 топко бөлүнөт:

  1. Жактама ат атооч - үч жактын бирине таандык болот (сүйлөөчү, тыңдоочу жана сөзгө катышпаган тараптар ) М :мен,сен(сиз ),ал, биз, силер, алар
  2. Шилтеме ат атооч - бирөөнү шилтөө аркылуу көрсөткөн ат атоочтор .М:бул(бу), ушул(ушу), тиги(л), тээтигил, ал Эскертүү: Шилтеме ат атоочтор өзүнчө да, зат атооч менен бирге да колдонулушу мүмкүн. Зат атооч менен бирге колдонулганда, ал ат атоочу да шилтемелердин катарына кирип калат. М:Ушул китеп, бул китеп, ал китеп
  3. Аныктама ат атооч - заттарды, түшүнүктөрдү жалпылап бир топко бириктирип же топтон жалгыздатып бөлүп көрсөткөн сөздөр. М:ар бир, ар ким, ар нерсе, ар кайсы ж.б. Аныктама ат атоочтун түрлөрү: а) Жалпылагыч ( баары, бүт, бардык, бүткүл, бүтүн,) б) Жиктегич(ар ким, ар кайсы, ар бир, ар кандай,) в) Өздүк (өз)
  4. Сурама ат атооч - белгисиз түшүнүктөрдүн атын атап берүү максатында аларды аныктоо үчүн колдонулган ат атоочтор. М:ким?, эмне?, нече?, кандай?, качан?, кайда?, кана?
  5. Белгисиз ат атооч - заттардын же түшүнүктөрдүн белгисиз экенин билгизген ат атоочтор . Түрлөрү: а)Заттын белгисиздигин билгизгендер: бир нерсе, бирдеме, кимдир бирөө б) Сыпаттын белгисиздигин билдиргендер:кандайдыр бир, кайсы бир, кай бир в) Сандын белгисиздигин билдиргендер: бир нече, бир канча, алда канча
  6. Тангыч ат атооч - айтыла турган заттын, мезгилдин, касиеттин, орундун жок экендигин билдирген ат атоочтор. М:эч нерсе, эч ким, эчтеке, эчтеме, эч кандай, эч кайсы, эч бир, эч качан, эч кайда

Орфографиясы түзөтүү

-Бир нерсе, эч нерсе, кандайдыр бир, кайсы бир .Эки бөлүгү тең өз алдынча колдонула алган сөздөрдөн турган татаал ат атоочтор бөлөк жазылат .

-Бирдеме, бирдеңке, эчтеке, эчтеме. Эки сөзүнүн бир тыбыштык өзгөрүүгө учурап, өз алдынча колдонулбай калган болсо, чогуу жазылат.

-Бул /бу, тиги/тигил, ушул/ушу .Эки вариантын тең жазууга болот

Колдонулган адабияттар түзөтүү