Аустенит - көмүртек жана легирлөөчү элементтердин гамма-темирдеги катуу уютмасы; темир-көмүртектүү катуу куйманын составдын бөлүгү.

Аустенит англ. окумуштуу У. Роберто-Остендин (1843-1902) ысмы менен аталган. Темир менен көмүртектин куймасында Аустениттин бар экендигин темирди жана болотту 1120°С температурада кургак хлордуу суутек менен жедирүү (ойдуруу) аркылуу орус окумуштуусу А. А. Байков 1909-ж. далилдеген.

Аустенит магниттүү эмес, тыгыздыгы болоттун башка структуралык түзүүчүлөрүнөн көбүрөөк. Аустенит анча катуу эмес, серпилгичтиги азыраак, жогорку бекемдикке жана илээшкектик касиетке ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.