Ахваз

Ирандагы шаар
Ахваз шаары‎»‎ барагынан багытталды)

АхвазИрандын түштүк-батышындагы шаар. Хузестан останынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Карун дарыясынын боюнда, Месопотамия ойдуңунун түштүк-чыгышында жайгашкан. Калкы 855 миң (2005). Жолдор тоому. Дарыя порту. Иран ханы Ардашир I (224-241) шаарды кайра курдуруп, Ормузд-Ардашир атаган. 500-жыл чамасында шаар несториан епискобунун резиденциясы болгон; 640-жылы араб мусулмандары басып алып, Сук-аль-Ахваз атаган. 19-кылымда Насерия, 20-кылымдан азыркыдай аталат. 1980-88-жылдары Иран - Ирак согушундагы салгылашуунун чордону болгон. Шахид-Чамран университети (1955-жылдан), медициналык университет (1988), техникалык ЖОЖдор бар. Тамак-аш, текстиль, химиялык, металлургия, машина куруу өнөр жайлары иштейт. Ахваз - нефть өнөр жайынын уюштуруу борбору. Шаардын түндүгүндө ири Ахваз мунай кени жайгашкан. Шаар аркылуу Тегеранга мунай кууру өтөт.

Карун Ахвазда

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1