Ахматова Анна Андреевна (өз фамилиясы Горенко), (11(23). 6.1889, Одессага жакын, Большой Фонтан —5. 3.1966, Домодедово, сөөгү Ленинград облусу, Комарово айылына коюлган) — орус акыны. Балалык чагы Царское кыштагында өткөн. Киевде гимназияда (1907), ошол эле жерден Аялдардын жогорку курсунун юридикалык бөлүмүндө (1908-10) окуган. Бала чагында эле ыр жазган. Ахматованын алгачкы чыгармачылыгы акмеизм менен байланыштуу. Улуу Ата Мекендпк согуш учурунда патриоттук ырларын («Ант», «Баатырдык» жана башка) жазган. «Тынчтыкка даңк» ырлар цикли (1950), «Каармансыз поэма» (1940—62) жарыяланган. «Мезгил агымы» жыйнагы (1965) үчүн Италиянын Энта-Таормин адабий сыйлыгы берилген. Ахматованын ырлары англис, немец, француз, итальян, япон, поляк, чех жана башка тилдерге которулган. Анын поэзиясына күчтүү психологизм, тарыхка көбүрөөк көңүл буруу, классикалык поэзиянын үлгүсүндө жазуу мүнөздүү. «Мезгил агымы» аттуу автобиографиялык жыйнагына (1909—65) анын акындык талантын көрсөткөн негизги ырлары топтолгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1