Аштарханийлер династиясы

Аштарханийлер династиясы – 1599–1785-жылдары Бухарадагы Шейбанийлердин бийлиги кулагандан соң бийлик кылган хандардын династиясы. Аштарханийлер династиясынын тарыхы көчмөн өзбек уруулары, каракалпак, казак, калмактардын саясий күрөштөрү менен тыгыз байланыштуу.

Айрым бир тарыхый маалыматтарда династиянын саясий иштерине кыргыз уруу төбөлдөрү да катышканы айтылат. Мир Мухаммед Салим ажынын «Султандардын санжырасы» («Силсилат ас-Салатин») деген эмгегинде (1730–31) Аштарханийлер династиясында таасирлүү бийликтеги Назар бий жана анын уулу Хосров бек буруттардан (кыргыздар) болгондугу эскерилет.

Адабият түзөтүү

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003 « Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети»

Интернеттик шилтемелер түзөтүү