Аэрация (грекче aer - аба) - 1) атмосфералык абанын табигый же жасалма жол менен кандайдыр бир чөйрөгө (мисалы, топуракка, сууга жана башкага) өтүшү; 2) ар кандай чөйрөдөгү органикалык заттарды тез кычкылдандыруу үчүн жасалма жол аркылуу алынган аба менен каныктыруу. Аэрация техникалык каражаттардын жардамы менен же болбосо абанын өтүшүнө тоскоол болгон заттарды (муз, май пленкалар жана башка) жок кылуу менен жүргүзүлөт. Аэрация суулардын, көлмөлөрдүн интоксикациясын жок кылуу жана булганыч сууларды тазалоо үчүн колдонулат. Кээде биофильтрлерди аэрациялайт. Биофильтрге абаны киргизүү аэробдук микроорганизмдерди активдештирип, агын сууларды тазалоону тездетет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1