Аэробиоз, аэробдор (аэро... жана биос) эркин кычкылтектүү чөйрөдө жашоого жана өсүүгө жөндөмдүү организмдер. Аэробиоз өсүмдүк, жаныбарлардын дээрлик бардыгына жана микроорганизмдердин көбүнө мүнөздүү. Анаэробдордон айырмаланып, аэробдор тиричилик үчүн керек энергияны заттардын атмосфералык кычкылтектин катышуусу менен жүргөн кычкылдануусунан алат. Алардын дем алуусу молекулалык кычкылтекти сиңирип, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу менен жүрөт. Заттардын жана энергиянын аэробдук алмашуусу анаэробиозго караганда натыйжалуу. Аэробдорго бардык өсүмдүктөр, көпчүлүк жөнөкөйлөр жана көп клеткалуу жаныбарлар, дээрлик бардык козу карындар кирет. Аэробдордун ичинен фотосинтездөөчү организмдер (цианбактериялар, балырлар жана башкалар) өзгөчө орунду ээлейт. Бул организмдер О2 бөлүп чыгарып, калган бардык аэробдорду камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1