Аюу кулак (лат. Verbascum) - эки же көп жылдык отоо чөп, айрымдары бадал сымал өсүмдүк. Норичниктер уруусуна кирет. Сабагы тик өсөт, жалбырагы боз түк менен жыш капталган, узундугу 60-220 см. Тик жалбырагы жоон сабагынын тамырлаш жагын курчап жайгашат, узундугу 30-50 см, эни 12-14 см. Топгүлү-шыпыргы, машак сымал же чачы. Гүлдөрү сары же сыя түстүү. Мөмөсү тоголок же узата келген кутуча. Европа, Алдыңкы Азия, Түндүк Африка, Америкада 300, Кыргызстанда 7 түрү бар. Жол боюнда, шалбаада өсөт. Кадимки жана дары Аюу кулактын гүлү какырык чыгаруучу, ичти жумшартуучу дары катары колдонулат.

Verbascum sinuatum.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1