Багирми (барма-ге) — Чад Республикасында Шари дарыянын жээгинде жашаган эл.
Саны 70 миң (2005ж.).

Багирми

Багирми атчан жоокери
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 70 миң адам (2005).
 Чад

Тили

багирми

Дини

Ислам (сүннөттөр),
жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид

Тил түзөтүү

Тили Нил-сахара макробүлөсүнүн борбордук судан тил уясына кирет. Жазуусу латын алфавиттин негизинде.
Азыркы мезгилде көпчүлүгү араб тилинде сүйлөшөт.

Дин түзөтүү

Дин боюнча багирми арасында Исламды (сүннөт багытын) туткандар жана жергиликтүү культтардын избасарлары бар.

Чарбалык иштер түзөтүү

Дыйканчылык (сорго, дурра, жер жаңгак ж.б.). Ири мүйүздүү мал кармашат. Балык уулоо.

Тарых түзөтүү

Багирми уруулары 15 кылымда биригип, 1522 жылы Багирми султандыгын түзүшкөн. 17 кылымда Багирми султандыгы күчтүн туу чокусуна жеткен. Ошол кезде Багирми султандыгы коншу майда урууларды багынтырган жана транссахардык сооданы көзөмөлгө алган. Султандыктын экономикасы мал, кул, алтын, пил сөөгү, керик мүйүзү сатуу эсебинен көтөрүлгөн.
1871 жылы султандыкты Вадаи мамлекети басып алды. 1894 жылы ыдырап кеткен султандыкты Франция менен Германия бөлүп алышкан. 1914 жылы Франциянын Чад колониясынын курамына кирди.

Булактар түзөтүү