Базаров Ыймаш - (1917, Ысык-Көл облусунун, Тоң району, Кольцовка (азыркы Бөкөмбаев) кыштагы 1977-жылы ошол эле жерде) кой ферма башчысы, Социалдык Эмгек Баатыры (1958), 1934-жылдан Тоң районундагы Ленин атындагы колхоздо колхозчу, кой ферма башчысы. Ал жетектеген ферма кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1957-жылы 15700 ириктин ар биринен 3,191 кг жүн кыркып алган. Мамлекетке тапшырылган 2200 ириктин ар биринин тирүүлөй орточо салмагы. 67 кгга жеткен. 1958-жылы 17559 ириктин ар биринен 3,420 кг жүн кыркылган. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.