Базар-Коргон районуЖалал-Абад облусундагы администрациялык бирдигинде 1934-жылына чейин анын курамында Масы районунда болгон. 1937-78-жылдардын аралыгында Масы ж-а Базаркоргон райондору эки жолу биригип, кийин Ленин району аталган. 1978жылдан өзүнчө район. Батышынан Ноокен, түндүгүнөн Токтогул, түндук-чыгышынан Тогуз-Торо, чыгышынан жана түштүгүнөн Сузак райондору, түштук-батышынан Өзбекстан менен чектешет. Аянты 1965 км². Калкы 193 168 киши (2023-жылы). Райондо 1 шаар, 8 айыл өкмөтү, 62 кыштак бар. Борбору Базар-Коргон шаары. Райондун аймагы негизинен Кара-Үңкур өрөөнун ж-а аны курчап турган Бабаш-Ата кыркатоосунун түштук-чыгыш, Кең-Кол, Фергана тоолорунун түшук капталдарын, ошондой эле Фергана өрөөнүнүн түндук-чыгыш өндүрүнүн бир аз бөлүгүн ээлейт. Райондун табигый байлыгынын негизин Арстанбап, Кызылүңкүр, Каба, Ачы жапайы жаңгак-жемиш токой массивдери, курулуш материалдары, минералдуу суулары түзөт.

Базар-Коргон району

Базар-Коргон району картада

Өлкө:

Кыргызстан

Абалы:

Район

Киргени:

Жалал-Абад облусу

Курамында:

1 шаар, 8 айыл өкмөтү,
62 айыл

Акимий борбору:

Базар-Коргон

Түзүлгөн убакыты:

1978

Расмий тили:

Кыргыз тили

Калкы (2023):

193 168[1]

Жыштыгы:

94 адам/км²

Улуттук курамы:

Кыргыздар — 55,6%
Өзбектер — 43,2%
Уйгурлар — 0,5%[2]

Жер аянты:

1965 км²

Саат алкагы:

UTC+6

Расмий сайты

Климаты түзөтүү

Климаты мелүүн континенттик, жерортолук деңиз климатына окшош. Кышы мелүүн суук, январдын орточо температурасы -3...-10°С; жайы кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, июлдун орточо температурасы 10-20°С. Жылдык жаан-чачымдын өлчөмү түзөң бөлүгүндө 300-400 мм, тоолуу бөлүгүндө 1100 ммге чейин.

Суулар түзөтүү

Райондун аймагынан Кара-Үңкүр суусу агат; ал Фергана жана Бабашата тоолорунан башталып, Кызыл-Үңкүр, Жазкечүү жана Арстанбап сууларынын кошулушунан түзүлөт. Көлдөрү: Кеңкол, Кутманкөл, Каракол; ошондой эле жана башка чакан көлдөрү бар.

Өсүмдүк түзөтүү

Жери негизинен боз, кара күрөң жана күрөң тоо топурактуу. Башка районунун аймагында Түштук Кыргызстандагы жапайы жаңгак-жемиш токоюнун эң жыш массивдери (Арстанбап, Кызылүңкүр) жайгашкан. Ал массивдер дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири. Кооздукту жыш өскөн жапайы жаңгакжемиш токою түзөт. Жангакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайналы, айвансари, алма жана башка мөмө-жемиштер, ошондой эле шилби, итмурун, асамуса, карамарт, ыргай, четин өсөт. Токой арасындагы ачык аянттарды өскүлөң шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Суу боюнда терек, тал, чычырканак жана башка өсөт. Жаңгак токоюнун жогорку чегинде карагай, акчечек, кайың, шилби, табылгы кездешет.

Калкы түзөтүү

Райондун калкы көп улуттуу; көбү кыргыздар, андан сырткары орус, өзбек, уйгур, тажик, украин, корей, башкырт, татар жана башка улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын орточо жыштыгы республиканынын жалпы жыштыгынан жогору, 1 км² жерге ― 94 киши.

Административдик бөлүнүш түзөтүү

Райондо 1 райондук маанидеги шаар, 8 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 62 айыл бар[3].

Райондук маанидеги шаары:

Айыл аймактары жана алардын курамындагы айылдар:


Өнөр жай түзөтүү

Райондун экономикасынын негизин айыл чарба түзөт. Айыл чарбанын негизги багыты пахтачылык, дан чарбасы жана тамекичилик. Район боюнча 2003-жылы 6130 чарбалык субъект иштеп, анын 5701 үй бүлөлүк, 85 фермердик, 318 дыйкан чарба, 4 үрөнчүлүк чарбасы болгон. Айыл чарбага жарактуу жери 104,7 миң га, анын 13,8 миң гасы сугат жер, 5.6 миң гасы чабыңды, 78,3 миң гасы жайыт, 791 гасы көп жылдык бак-дарактар.Айдоо жерлеринен 2003-жылы 26,0 миң тонна буудай, 17,4 миң тонна пахта, 0,2 миң тонна тамеки, 10,3 миң тонна картөшкө, 3.6 миң тонна мөмө-жемиш, 19,8 миң тонна жашылча, мал чарбасы үчүн 12,4 миң тонна тоют жыйналган. 2003-жылы буудай 7042 га, жүгөрү 1178 га, шалы 524 га, башка дан өсүмдүктөрү 354 га, пахта 5350 га, тамеки 838 га, май алынуучу өсүмдүктөр 4451 га, картөшкө 787 га, жашылча 960 га, бакча 206 га жерге өстүрүлгөн. Райондо 2003-жылы 55.6 миң кой-эчки, 4,6 миң бодо мал, 6,9 миң жылкы, 7,0 миң үйкушу асыралган, 6,2 миң тонна эт, 33,3 миң литр сүт, 163 тонна жүн, 3,1 млн даана жумуртка өндүрүлгөн. Райондун экономикасында өнөржайдын үлүшү да кыйла маанилүү. 2003-жылы райондун жалпы өнөржайында 56,2 млн сомдук продукция өндүрүлгөн. Райондо өнөржай ишканаларынан пахтаны кайра иштеп чыгуучу «Актилек-А», «Алтынкемер» ишканалары, «Кыргыз Түрк Этем Озсой» заводу, жаңгак жыгачынан үй буюмдарын жасап чыгаруучу Кыргыз-Түрк Вуд Индастри ишканасы иштейт. Ал эми Кыргыз-Америкалык «Дюбек холдинг» тамеки ферменттөөчү, Кыргыз-Корей жибек өндүрүүчү биргелешкен ишканалары өз продукцияларын чет өлкөлөргө сунуш кылышууда. Ошондой эле райондо «Байлык», «Кенч», «Айыл курулушу», «Карүңкүр» акционердик коомдору, сүт, нан заводдору, 138 тегирмен, 58 май тегирмен, 31 ак жуваз чакан ишканалары иштейт. Базаркоргон кыштагында жеке менчик 8 базар бар.

Транспорт түзөтүү

Райондогу транспорт каттамынын негизги түрү автомобиль жолу. Андагы жолдордун жалпы узундугу 194 км, анын асфальтталганы 147 км. Базаркоргон кыштагынын жолдору тоолу. Ал аркылуу Бишкек Жалал-Абад Ош автомобиль жолу өтөт. Андан сырткары Базаркоргон Арстанбап, Базаркоргон Кызыл-Үңкүр жана башка автомобиль жолдору бар.

Маданият түзөтүү

Райондо 2003-04-окуу жылында 2 кесиптик лицейде (Базаркоргон, Кажырабат кыштагында) 465 окуучу окуп, 21 мугалим, 16 мастер жана 56 жалпы билим берүүчү мектептерде 33,0 миң окуучу окуп, 2,3 миң мугалим иштеген, 13 балабакчада 900 бала тарбияланган. Андан сырткары райондук спорт (357 окуучу), музыкалык мектептер (115 окуучу), гимназия мектеп-интернаты, 4 гимназия багытында иштеп жаткан мектеп (жалпы гимназиялык мектептерде 4758 окуучу окуйт), балдар жана өспүрүмдөрдүн «Жаш талант» чыгармачыл борбору (210 окуучу) иштейт. Арстанбап, Кызылүңкүр аймактарында окуучулар жайында эсалуучу жайлар бар. Райондо 2003-жылы борборлоштурулган китепкана (китеп фондусу 25,2 миң нуска), 27 айылдык китепкана, 8 маданий-социалдык комплекс, 13 маданиятт үйү, борборлоштурулган оорукана, 6 айылдык оорукана, бейтапкана, учук оорулар диспансери, 16 үйбүлөлүк врачтар тобу, 17 ФАП, санитарияэпидемиологиялык станция, балдар санаторийи болгон. Райондо тарыхый жерлер да арбын, алар Арстанбапата, Актайлаката, Көлкупаната тарыхый эстеликтери жана башка көптөгөн мазарлар. Райоидук «Арстанбап тады» гезити чыгат.

Булактар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4

Маалымат булагы түзөтүү