Базис жана кондурма - тарыхый материализмдин категориялары; коомдун, экономиканын структураларынын, негизги элементтерин талдоодо пайдаланылат.

Бул түшүнүктөр коомдун түзүлүшүн талдоодо, философиянын негизги маселесин, материалисттик маанайда чечмелөөгө мүмкүндүк берет.

Базис (гр. basis – негиз, байдумал) коомго таандык өндүрүштүк мамилелердин системасы иретинде өндүрүштүк күчтөрдүн өнүгүү этабына байланыштуу түзүлөт.

Лениндин айтуусу боюнча, Базис – коомдук формациянын «экономикалык скелети». Кондурма-коомдук кубулуштардын биримдиги, экономикалык базистен келип чыгат.

Кондурма – төмөндөгүдөй структурага ээ:

  • а) рухий тармактын биримдиги (сезим, теория, аң-сезим, ой);
  • б) коомдогу адамдардын ортосундагы материалдык өндүрүштөн белгилүү деңгээлде шартталган, андан салыштырмалуу сыртта түзүлгөн идеологиялык мамилелер;
  • в) коомдогу мекемелер, уюмдар, саясий-диний түзүлүштөр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү