БаирикиКирибати мамлекетинин борбор шаары (1979). Баирики аймагында, Тарава атоллунун (Гилберт аралдар тобуна кирет) түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 44,4 миң (2005). Британия протекторатынын административдик борбору катары 1895-ж. Гилберт жана Эллис аймагында негизделген. 1979-жылдан көз каранды эмес мамлекеттин борбору. Университет (Түштук Тынч океан университетинин филиалы, 1973), улуттук китепкана (1979), шаардан 8 км түндук-батышта ири деңиз порту жана кеме ремонттоочу жайлар (Бетио аймагында) бар. Кокос жаңгагын жана балык соода борбору. Япон согуш базасынын калдыктары (согуш техникасы, мемориал багы, синтоизм храмы жана көрүстөндөр) сакталган. Баирикиден 16 км чыгышта өлкөнүн маданий борбору (анын ичинде акуланын тиши менен кооздолгон кылычтар, кокос жаңгагынан жасалган буюмдар сатылат) жайгашкан.

Баирики.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4