Байкал коругу - Бурятияда. Байкал көлүнүн түштук жээктерин, Хамар-Дабан кырка тоосунун (бийиктиги 2900 мге чейин) капталын ээлейт. Аянты 1657 км1.1969-ж Забайкальенин күңүрт ийне жалбырактуу тайга, парк тибиндеги көк карагай токойлорун, субальп шалбаасын, эңилчектүү тундра табигый комплекстерин изилдөө үчүн уюшулган. Марал, түндук бугусу, булгун, росомаха, күрөң аюу мекендейт. Канаттуулардан токой чили, кереңкур, чил, туйгун кездешет. Байкал коругуна бүгүнкү күндө антропогендик таасир күч алууда. Ага жакын жайгашкан Байкальск ж. б. шаарлардан булганыч заттардын атмосфера аркылуу келгени баамдалган. Айрыкча, Байкал көлү булганууда. Ага жылына 700 кг нитрат, 8400 кг нефть бирикмелери ж. б. заттар кошулууда.

Байкал коругу.
Байкал коругу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4