Бакалоор доголору (arcus branchiales) - кемирчектен же сөөктөн турган омурткалуулардын висцералдык скелетинин бир элементи. Балыктарда 3төн 7ге чейин Б. д. өөрчүйт. Ар бири кыймылду байланышып, 4 бөлүктөн турат, алар бакалоор жылчыкчалардын ортосунда жана алардын сыртынан бакалоорлор өсүп чыгат. Кургакта жашоочу омурткалуулардын Б. д. анча-мынча редукцияланылат, анча-мынчасы коконун, кекиртектин жана тил алдыңкы аппараттын скелетин түзөт.

Бакалоор доголору (Esox lucius).

Колдонулган адабияттар түзөтүү