Балалайка - орустун элдик үч кылдуу (мурда эки) чертме музыкалык аспабы. 18-кылымдын башында жаралып, домбраны алмаштырган. Айрыкча жөнөкөй калктын арасында кеңири тарап, жеке, топтук (ансамблдик) аткарууда элдик ырларды, бийлерди, частушкаларды ж. б. чыгармаларды коштойт. 19кылымдын аягында музыкант В. Андреев С. Налимов ж. б. музыкалык усталар менен бирдикте Балайканы өркүндөтөт, орустун тунгуч эл аспаптар оркестрин уюштурат. Башталгыч музыкалык мектептерде, окуу жайларда жана консерваторияларда Балалайкада ойноо боюнча адистер даярдалат.

Балалайка.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4