Балдар үйү — мамлекет, коомдук жана чет элдик уюмдар, жеке адамдар тарабынан үйрөнүлүп, ата-энеси жок жетим калган, ата- энелери укугунан ажыраган же ден соолугу начар, балдарын убактылуу бага албаган ж. б. орчундуу себептерден улам кароосуз, багуусуз калган балдарды тарбиялоочу багат. Балдар үйү - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин системасына караштуу үч жашка чейинки балдарды тарбиялоочу мекеме. Балдар үйүнө жетим балдарды, ошондой эле жалгыз бой энелердин балдары кабыл алынат. Тарбиялануучулар курактык топторго бөлүштүрүлөт. Ар биринде тарбиячы болот. Наристе үйүн балдар дарыгери Балдар үйү төрөлгөндөн 7 жашка чейинки жана мектеп курагындагы балдарды тарбиялоочу мекемелер болуп экиге бөлүнөт.

Балдар үйү тибине жана укуктук статусуна ылайык балдар жашоочу жай, аларга ылайыктуу шарттар, тамак-аш, кийим-кечек, дарылоо, окутуп-тарбиялоо үчүн керектүү шарттар менен камсызданат. Мектепке чейинки курактагы балдар Бишкек, Токмок шаарындагы Балдар үйүндө атайы адистиги бар педагог, медицина кызматкерлеринин камкордугу астында тарбияланып, 6–7 жаштан кийин мектеп курагындагы балдарга арналган Чүй обл. Ак-Суу районундагы, Ош областынын Кара-Суу, Баткен обл. Кадамжай районундагы Балдар үйүнө тапшырылат. Балдар үйү кароосуз калган балдарга мамлекттик деңгээлде кам көрүп, болочокто өз турмушунун ээси болгонго, эмгектенүүгө даярдайт.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004