Баллистика - (нем. Ballistik ыргытам) артиллерия снаряды, авиабомба, мина, гранат жана ок-дарынын, ошондой эле ракета жана анын согуш блокторунун, космос аппаратынын жана башкалардын кыймылы жөнүндөгү илим. Мындай кыймылга нерсени запас кинетикалык энергияга ээ кылуучу күүлөнүп (активдүү) учуу жана ал энергияны чөйрө каршылыгын, оордук күчүн жеңүүгө сарптаган эркин (пассивдүү) учуу мүнөздүү. Баллийстика теориялык жана асман механикасынын, термо-, газ жана аэродинамиканын, ок-дарынын күйүү, математикалык статистика теорияларынын, ыктымалдык жана башкаруу теориясынын ж. б. закондорго негизделет. Баллйстиканын негизги ыкмасы снаряд жана ракета кыймылдарын детерминадияланган жана стохастикалык мазмундагы дифференциалдык ж. б. теңдемелер системасына негизделген эсептөө техникасынын жардамы менен математикалык моделдөө. Аскер ишинде, космонавтикада, криминалистикада ж. б-да кеңири пайдаланылат. Най системасынын жана ракетанын (реактивдүү снаряддын) Баллйстикасынын курамдык бөлүктөрү болуп ички жана сырткы баллйстика эсептелет. Ички баллйстика курал найынын каналында ыргытуучу заряд күйгөндө пайда болгон газдын таасири астындагы снаряддын кыймылын, ошондой эле аткан учурда найдын каналында же ракетанын күйүү камерасында пайда болгон башка процесстердин законченемдүүлүгүн изилдейт. Анын негизги бөлүмдөрү: пиростатика, пиродинамика, куралды баллйстикалык долбоорлоо. Сырткы баллйстика кыймылга келтирүүчү түзүлмөнүн өз ара аракети, ошондой эле бул кыймылга таасир этүүчү факторлор токтогондон кийинки ракета, снаряд ж. б-дын кыймылын изилдейт. Анын ыкмалары башкаруучу күчтөр жана моменттердин таасирисиз космос аппаратынын кыймылынын законченемдүүлүгүн окуп-үйрөнүүдө колдонулат. Баллйстика Байыркы Грекияда Архимеддин атуучу куралдарды (катапульта, баллиста ж. б.) жасоосуна жана аларды колдонууга байланыштуу пайда болгон. Снаряддын кыймьшын окуп-үйрөнүү 17-18-кда X. Гюйгенс (Нидерланд), П. Вариньон (Франция), И. Бернулли, Л. Эйлер (Швейцария) ж. б-дын иштери менен байланыштуу өнүккөн. 20-к-да орус окумуштуулары Н. Ф. Дроздов, И. П. Граве, Н. А. Забудский ж. б-дын балистиканын негизги маселелерин чечүүгө жана эсептөө ыкмасын өнүктүрүүгө байланышкан иштери дүйнөгө белгилүү болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4