Ба́лто (Бо́лто) (англ. Balto) — сибирдик хаски (башка маалыматтарда, аляскалык маламут[1][2]), 1925 жылы АКШнын Аляска штатынын шаарларына дифтерия эпидемия учурунда медикаменттерди ташыган чанага чегүүчү мингич ит.

Балто
Түрү:

Ит

Тукуму:

Сибирдик хаски

Жынысы:

Кобель

Туулган датасы:

10 -февраль 1919(1919-02-10)

Туулган жери:

Ном, Аляска штаты, АКШ

Каза болгон датасы:

14 -март 1933(1933-03-14)

Каза болгон жери:

Кливленд, Огайо штаты, АКШ

Өлкө:

 АКШ

Кожоюну:

Гуннар Каасен

Жумуш түрү:

Мингич ит

Түсү:

Кара

(Нью-Йорк) шаарынынын борбордук паркындагы айкели
Стивеном Спилберг тарткан жана легендарлык итке арналган Балто тасмасынан
Балто Кливленд музейинде.

Балто 1919 жылдын Бирдин айынын 19 Алясканын чоң эмес Ном шаарында төрөлгөн. Биринчи өзүнүн бир нече жашын шаарга тамак ташуу менен өткөргөн. Ал өтө эле аябай жай жана оор жумушка жарабайт деп эсептешчү. Балто өзүнүн акыркы жылдарын Огайоштатынын Кливленд шаарындагы ззопарктан өткөрүп, 1933 жылдын Жалган Куран айынын 14 кайтыш болгон.[3].

Эпидемия түзөтүү

1925 жылдын башында Ном (Аляска) турагында, дифтерия күч алды. Ооруканаларга дифтерийлик (антитоксиндер) сывроткасы керек болду. Аны болсо Анкоридж шаарынан алып келиш керек эле, ал болсо турактан миң милден ашык жерде жайгашкан эле.

Муз шторму жана бороон чапкындар учактарга учканга мүмкүндүк берген жок, ошондуктан сывортканы поезд менен Ненана шаарына жеткизишкен. Жолдун калган бөлүгүн (миңден ашык километр), дары дармекти мындай аба-ырайы шартындагы жалгыз транспоттук каражаты катары ит чегүүлөр менен гана жеткизиш керек эле.

Блаффада 52 миль Номго чейин, жодун акыркы бөлүгүндө, сыворотканы Гуннара Каасендин Балто башкарган чегүүсү алып бараткан эле. Бул ит, аябай жакшы лидер болбосо да, ал кайраттуулук көрсөтүп жана багытты жакшы таба алган. Чегүү оор жолду өттү: бир жолу иттер дарыя өкөрмөсүнөн өтүп баратып аз жерден калышты.

Башкасында нарта аласалып кетип, дары дармектер бар куту терең карга кирип кетип, Гуннар аны алып чыгыш керек болуп калат. Акыркы 12 мильди чегүү 80 мүнөттө басып өтүп, Сэйфтиге жекшемби күнү түндө саат 2:00 келди. Андан ары сыворотканы Эди Рондун чегүүсү жеткизиш керек эле, бирок ал уктап аткан болчу, убакытты коротпой, аны ойготпой өзү эле Номго кете берет. Маршруттун оор бөлүгү артта калды эле, иттер дагы өзүлөрүн жакшы сезип турушкан, ошондуктан Каасен Номго кетүүнү чечим кылат, ал жакка болсо дагы 21 миль бар болчу. Бороон чыпкын күчөдү, бирок Балто алай дүлөй бурганагынан да адашкан жок, Каасендин айтуусу боюнча ал мындай шартта көз алдында колун араң көрүп атканмын деп моюнуна алган.[2]

Чегүү Номго таңкы 5:30 да бул жекшембиде, 53 милди жети жарым саата басып өтүп кеди. Сыворотка тоңуп калган эле, бирок бузулган эмес болчу, жанан анын жардамы аркылуу дифтерия 5 күндүн ичинде токтотулган. 53 милдик жарышуудан, шайы оогон жана жарым тоңгон Балто жана калган иттер жана Гуннар Каасен өзү ошол замат АКШ нын баатырлары аталышты.

Кесепеттери түзөтүү

Гуннара Каасендин Номго келгенден кийин, бир аз убакыттан кийин ал өлкө боюнча тур уюштурат. Балто жана анын хаскилер чегүүсү айланасында топтошкон элдерди чогултуп, ажиотаж уюштуруп жана өздөрүнө көңүл бурдурушат. Иттер форманы сактаган, дөңгөлөккө койулган чегүүнү алып баратышат. Баардык ММК атактуу тур жөнүндө толуп атышат. Мындай кереметке суктанышып, пресса Балтону жалпы улуттун баатыры кылат. Гезиттер макалалар менен бүткүл дүйнөдө толуп атат, ошентип жылдын аягында Ф. Г. Ротом (F. G. Roth) менен чегилген айкел "Чыдамдуулук, кыйбастык, акыл-эс" аттуу оюп түшүрүлгөн жазуусу менен Борбордук паркка орнотулат.

Бир аз убакыттан кийин ММК-дан маалыматтар жоголот, ажиотаж болсо күтүлбөгөн жерде жок болот. Балтонун изине Джордж Кэмпбелл чыгат. Тез эле ал, Балтонун атактуулугу өскөн сайын ага дагы комерциялык уюмдардын кызыгуусу артат. Ошентип Балто жана анын чегүүсүн Сэм Хьюстон сатып алып, шаардык бир театрларда көргөзмө уюштура баштайт.[3] Ал жакка кирүү джентльмендерге гана болчу. Джордж театрга келип үрөй учурган сүрөттү көрөт: Балто жана калган иттер болот чынжырга байланылып турушкан эле. Чынжырлардын окосунан чыгаар аракетинде иттерди сабап турушкан, аны мене катар иттерге олуттуу оору жаратып.

Ачууланган Кэмпбелл Хьюстонго келип иттерди сатып алаарын айтат. Жыйынтыгында ал аларды 2 миң долларга сатканга макул болот жана Джорджго эки жума убакыт берет. Кэмпбелл Кливленд кайтып келет. Акчаны бүткл өлкө боюнча чогулта баштайт.[4] Иттерди стаып алышып Кливлендге алып келишет.

Кливленддик музейде Балто жана башка хаскилер кайра атактуу боло башташат, аларды көргөнгө балдар келишет, экскурсиялар болуп, жана алардан сүрөт тартышат.

Балто кайтыш болгондон кийин анын кепи Кливленд музейине койулган, кара түс күрөң менен алмашылды. Ал ошентип музейдин муздак подвалдарынын биринде турган бойдон калды.

Азыркы учурда да Алясканын мектептеринде Балтонун тарыхы өтүлөт, анын иши өлгөн жок, ал ар дайым кайраттуулуктун, намыстын, татыктуулуктун жана жеңиш үчүн эч сынбаган эрктин символу болуп калды. Ошол убакыттан баштап, ар жыл сайын Гуннар, Балто жана атактуу хачки чегүүсү өткөн ошол эле жол менен жарыш болуп турат. Ошол эле ызгаардуу шарттар, ошол эле маршрут, баардык эле катышуучулардын колунан келген эмес, жарыш учурундагы температура да 1925 жылы койулгандан да бир топ бийик болгонуна карабай жыл сайындык иттер чегүүсүн жарышы 1973 жылга чейин уланган.

Бир нече он жылдардан бери Нью-Йорк Борбордук паркынын көрүүчүлөрү хаскинин коло айкели менен сыймыктанышса болот, ал өз түрү боюнча эң жалгызы.[5] Балтонун айкели 1920 жылдардын ортосунда бүткүл америка элининин сыймыгынын символу болду.

Экрандаштыруу түзөтүү

Дагы караңыздар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

Тиркемелер түзөтүү

Сырткы шилтемелер түзөтүү