Балык (астрономияда) - жазгы күн-түн теңелүүнүн чекити жайгашкан зодиак топ жылдызы. Бардык жарык жылдыздары жем талашкан эки балыкты элестетет. Анын өтө жарык жылдызы (а-Балык) көгүш, бетинин температурасы 10000° К, көрүнгөн жылдыз чоңдугу m=4,3mгe барабар, температурасы жана түсү негизги жылдызга окшош жандоочусу бар, анын көрүнгөн жылдыз чоңдугу т=5,2™. Бул эки жылдыздын ар бири жалпы массага ээ кош жылдыз. Бул топ жылдыз КМШнын орто кендигинен жайдын аягында, күзүндө жана кыштын башталышында көрүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4