Бамиан

Ооганстандагы шаар
Бамиан шаары‎»‎ барагынан багытталды)

Бамиан шаары - Ооганстандын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Бамиан провинциясынын административдик борбору. Калкы 125 миң (2005). Баба кырка тоосунун түндүк этегинде, Бамиан дарыясынын (Кундуз дарыясынын алабы) боюнда, деңиз деңгээлинен 3000 мден ашык бийиктикте, Кабул шаарынан 130 км түндүк-батышта жайгашкан. Б. з. 1-кылымынан белгилүү. Байыркы кытай жазмаларында 5-кылымдан эскерилет. Арабдар жеңгенге чейин (7-к.) буддизмдин маанилүү борбору болгон. Шаарга жакын аскага оюлган будда монастырь комплекси (1-8-к.) сакталган. 2000ден ашык үңкүр (чиркөө, үжүрө, чогулуш бөлмөлөрү ж. б.) тепкич жана өткөөлдөр аркылуу байланышып, Будданын статуялары, сүрөттөр жана ташка чегилген орнамент менен кооздолгон. Өзгөчө Будданын эки эң зор скульптуралык сүрөтү (бийиктиги 35 жана 53 м, 2-3-к. жана 5-к.) белгилүү болгон. (2001-ж. мартта талибдер толугу менен талкалаган). Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Тарыхый-этнографиялык музей.

Бамиан (1981).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4