Бангладеш (бенг. বাংলাদেশ), расмий аты — Бангладеш Эл Республикасы (бенг. গণপ্রজাতন্ত্রী বাংলাদেশ) — түштүк Азиядагы мамлекет. Батышынан, чыгышынан жана түндүгүнөн Индия, түштүк-чыгышынан Мьянма менен чектешет. Түштүгүн Инди океанынын Бенгал булуңу чулгап жатат. Аянты 142,7 миң км2 (ички акваторияларын кошкондо 144 миң км2дей). Калкы 134,8 млн (2005; айрым маалыматтарда 144,3 млн). Борбору Дакка шаары Расмий тили бенгал тили. Акча бирдиги така. Администрациялык-аймак жактан 6 облуска (64 округ кирет) бөлүнөт.

Бангладеш Эл Республикасы
бенг. গণপ্রজাতন্ত্রী বাংলাদেশ

Герб
Туу Герб
Гимн: «Амар шонар Бангла»
Бангладеш дүйнөлүк картасында
Эгемендүүлүк күнү 26-март 1971-ж.

Пакистандан)

Расмий тили бенгалча
Борбор шаары Дакка
Ири шаарлар Дакка, Читтагонг
Башкаруу формасы парламенттик республика
Президент Абдул Хамид
Мам. дини ислам (сүннөттөр)
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
95 - дүйнөдө
148 460 км²
12,3
Калкы
• Бааланган (2022)
Жыштыгы

169 828 911 адам (8)
1106 ад./км²
ISO коду BD
ЭОК коду BAN
Бангладеш.
Бангладеш.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005):

Облус Аянты миң км2 Калкы, миң Адм.-айм.борбору
Барисал 11,9 8690,7 Барисал
Читтагонг 31,8 26186,4 Читтагонг
Дакка 30,5 42887,4 Дакка
Кхулна 21,7 15755,5 Кхулна
Ражшахи 34,5 32636,4 Ражшахи
Силхет 12,3 8635,8 Силхет

Бангладеш БУУнун (1974), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн региондук кызматташуу ассоциациясынын (СААРК; 1985-ж. Бангладештин демилгеси менен уюшулган), Ислам конференциясы (1974), Бүткүл дүйнөлүк соода (1995) уюмдарынын, Эл аралык валюта фондунун (1972) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү түзөтүү

Бангладеш унитардык мамлекет; Шериктештикке кирет. Конституциясы 1972-ж. 4-ноябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы парламенттик республика. Мамлекет башчысы президент (5 жылга парламент тарабынан шайланат). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы бир палаталуу парламент. Аткаруу бийлигинин органы премьерминистр жетектеген өкмөт. Саясий партиялары жүздөн ашуун.

Табияты түзөтүү

Аймагы Инд-Ганг түздүгүнүн чыгышын жана Гаиг, Брахмапутра, Мегхна дарыясынын жалпы дельтасын ээлейт. Түштүк-чыгышында Лушай Ганг, Брахмапутра жана Мехна дарыясынын дельтасы. Бөксө тоосу (бийиктиги 60-300 м) жайгашкан. Жээк сызыгы 550 км ге созулуп, көптөгөн дельталар жана айрыктар менен тилмеленген; дельта аралдары көп. Жээктери жапыз, бирок суунун ташкындап тартылышына байланыштуу өзгөрүп турат. Түштүк-чыгышында өлкөнүн эң бийик жери (Читтагонг чокусу, бийиктиги 915 м) жайгашкан. Жеринин 9/10 бөлүгүнө жакынын Бенгал түздүгү ээлейт. Басымдуу бийиктиги 1 м ден 250 мге чейин. Түштүк бөлүгү (жергиликтүү эл Сундарбан деп аташат) өтө саздак. Кен байлыктарга жарды. Патхария, Пятна, Силхот аймактарында нефть, Читтагонгдо таш көмүр, өлкөнүн чыгышында титан казылып алынат.

Климаты субэкватордук, муссондук. Жайкы муссон жаан-чачындуу (май-октябрь), кышкы муссон (ноябрь-апрель) кургакчыл. Кышы жумшак, кургак, күнөстүү; январдын орт. температурасы 12-25°С. Жайы ысык, жаанчыл, апрелдики (эң ысык айы) 33°-36°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 2000-3000 ммдей, ал эми Читтагонгдо 5080 ммге жетет. Июлдан ноябрга чейин жылдык жаан-чачындын 80% жаайт. Суулары жыш. Дарыялары Ганг, Брахмапутра жана Мегхна дарыясынын алабына кирип, суусу мол, кеме жүрөт. Ганг жана Жамуна дарыясынын салааларынын туурасы 10 км ге жетип, Мегхна дарыясы менен кошулуп, чоң эстуарийди түзөт. Муссондук жаан-чачындын негизинде дарыялары жайында ташкындап, өлкөнүн кыйла бөлүгүн суу каптайт. Ошондуктан дельталарда үйлөр бийик саваяларга курулат. Эң ири көлү Хайлхаор. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн калың аллювий топурагы ээлейт. Түндүгүнө жана түштүк-чыгышына кызыл-сары ферралит, дельтанын жээк бөлүгүнө мангр саз топурактары мүнөздүү. Маданий ландшафт басымдуу. Акыркы жүз жыл ичинде токойлор өтө катуу деградацияга учураган. Түштүк-чыгышында тропиктик токой (гаржан, манго, тика, сало дарагы) сакталган. Ири токой массивдери түштүктө, түштүк-чыгышында, түндүк-чыгышында. Жаан-чачыны азыраак жааган аймактарда жалбырагы күбүлмө муссондук токой, дөңсөөлөрүндө бадалдуу саванна, Бенгал булуңунун жээктеринде сундра дарактуу мангр токойлору өсөт; бамбуктун Юго жакын түрү кезигет. Өлкөдө коргоого алынган 10 аймак (аянты 65,7 миң га, анын ичинде Сундарбан резерваты Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине кирген) бар. Мангр токоюнда жана дельта аралдарында бенгал арстанынын ири популяциясы корголот.

Улуттук парктары:Читтагонг, Мадхурпур. Калкы. Бангладеш калкы өтө жыш отурукташкан өлкө. Калктын жыштыгы боюнча (1 км2те 950 киши) дүйнөдө 1-орунда. 98% бенгалдар, ошондой эле индус, чакма, кхас ж. б. улуттар да жашайт. Ислам (мусулман сүнөттөр 87%), индуизм (12%), буддизм, христиан диндерин тутат. Калкынын табигый өсүүсү өтө жогору, өлүм-житимге (1000 кишиге 8,4 адам) караганда төрөлгөндөрдүн саны (1000 кишиге 30 бала) 3 эседен ашык. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 62,1, аялдарыныкы 62,0 жаш. Шаар калкы 26%. Ири шаарлары: Дакка, Читтагонг, Кхулна, Ражшахи. Тарыхы. Төмөнкү Гангдын аймагына бенгал уруулары болжол менен б. з. ч. 1000-жылдыкта отурукташып, б. з. ч. 7-6-кылымда Ванга мамлекетин түзгөн (мамлекеттин аталышы ушундан келип чыккан: Бангла бенгал, деш өлкө). Б. з. ч. 4-кылымдан б. з. 5-кылымына чейин Бангладештин аймагы байыркы индиялык бир катар империялардын курамына кирген. Бирдиктүү Бенгал мамлекети 8-кылымдан 13-ккылымдын башына чейин өкүм сүргөн.

13-кылымдын 1 -жарымынан 18-кылымдын башына чейин Бангладештин аймагы мусулман династияларынын бийлиги астында, анын ичинде 16-кылымдан тарта Улуу Моголдор империясынын курамында болуп келген. Ошол кезден Бенгалияда ислам тарай баштаган. 18-кылымдын башында борбору Дакка болгон Бенгал наместничествосу өзалдынча мамлекет катары өкүм сүргөн. Плессинин алдындагы салгылашуудан кийин (1757) Бенгалияга англичандардьш үстөмдүгү орнотулуп, Британ Индиясынын бир бөлүгүнө айланат. 19-кылымда колониялык эзүүгө каршы улуттук-боштондук күрөш күч алган. Индиянын көзкаранды эместикке жетишүүсүнөн кийин жана аны эки мамлекетке бөлүүдө (1947, Индия жана Пакистан), негизинен индустар жашаган Батыш Бенгалия Индиянын курамында калтырылып, мусулмандар мекендеген Чыгыш Бенгалия (Чыгыш Пакистан провинциясы) Пакистанга (калкынын 98% бенгалдар) өтөт. Чыгыш Пакистандагы чечилбеген улуттук маселелер бир нече ирет (1952, 1954, 1958) саясий кризистерди пайда кылып, 1969-ж. Айюб Хандын режиминин кулашына себепкер болгон. Анын ордуна өкмөт башына келген Яхья Хандын тушунда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо Чыгыш Пакистанга автономия берүү маселесин көтөргөн Элдик Лига партиясы жеңип чыгып, Пакистандын парламентиндеги 313 орундун 167сине, провинциялык ассамблеядагы 310 орундун 288ине ээ болду. Бирок Пакистан өкмөтүнүн бул партияга бийликти берүүгө каршы болгондугуна байланыштуу өлкөдөгү жагдай татаалдашып, узакка созулган талаш-тартыштын натыйжасында 1971-ж. өз алдынча Бангладеш Эл Республикасы түзүлгөн. 1971-ж. 26-март көзкаранды эместик күнү деп жарыяланган. 1972-ж. январда Элдик Лига партиясынын башчысы Мужибур Рахман түрмөдөн чыгып, жаңы түзүлгөн өкмөттү жетектеген. Өлкөдөгү жумушсуздук, баанын өсүшү, куралдуу күчтөрдүн катарындагы нааразычылыктар саясий-экономика абалды татаалдаштырып, бир нече ирет аскердик төңкөрүштөргө алып келген (көзкаранды эместикке жетишкенден тартып Бангладеште 13 президент алмашкан). 1996-жылдан аткаруу бийлигин коалициялык өкмөт жетектөөдө, ал эми октябрдагы шайлоодо Шахабуддин Ахмед жеңип чыккан. Чарбасы. Бангладеш дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. Ички дүң продукциясынын көлөмү 275,7 млрд доллар (АКШ; киши башына 2000 долларга жакын). Анда 51,7% ти тейлөө чөйрөсү, 27,1%ти өнөржайы, 21,2%ти айыл чарба түзөт. 20-кылымдын аягында 21-ккылымдын башында экономикасы туруктуу болуп тез темп менен өнүгө баштады. 2004-ж. өнөржай өндүрүшүнүн өсүшү 6,5% ти түзгөн. Бенгал булуңунун шельфинде, ошондой эле чыгыш райондорунда жаратылыш газы (9,9 млрд м3, 2001) жана нефть (жылына 200 миң г) казылып алынат. 2002-ж. 16,5 млрд кВтп-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 90%тен ашыгы ЖЭСтен (эң ири ЖЭС СССРдин жардамы менен Горасалда курулган) өндүрүлгөн. Карнапхули дарыясында ГЭС каскады бар. Эң ири текстиль өндүрүшү (кебез-кездеме жиби жана мата) бар. 100 дөн ашык ири фабрика импорттук сырьёнун негизинде иштейт. Өндүрүлгөн матанын бир бөлүгү сыртка чыгарылат. Кебез-кездеменин көпчүлүк бөлүгү кол менен токулат (млн дон ашык адам эмгектенет). Сыртка чыгарылган товар түшкөн кирешенин 3/4 бөлүгүн түзөт. Кийим-кечек, трикотаж чыгаруучу ири компаниялар иштейт. Бангладеш жут өндүрүү жана андан буюм жасоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда (Индия менен катар). Жылына 80 миң т жут жиби (дүйнөлүк экспорттун 70%) сыртка чыгарылат. Тамак-аш (чай, жылына 54 миң г; кант 123-170 миң г; өсүмдүк майы), хим. (мочевина жылына 2,3 млн т, жерсемирткич, пестицид), нефть ажыраТУУ (Читтагонг, жылына 1,5 млн г), металлургия, электр-техника, фармацевтика, резина-техника өнөржайлары; кеме ремонттоочу док, кеме кыймылдаткычын чыгаруучу, автомобиль чогултуучу, цемент заводдору, кагаз комбинаты, курулуш иидустриясы иштейт. Башкы өнөржай борборлору: Дакка (Нараянганж шаары менен), Читтагонг, Кхулна. Колөнөрчүлүк (булгаары, карапа ж. б.) өнүккөн. Өлкөнүн аймагынын 60% тен ашыгы айыл чарбасында иштетилет. Майда дыйкан чарбалары басымдуу. Айдоо аянтынын 70% ке жакынын шалы (жылына 2-3 жолу түшүм алынат) ээлейт. 2004-ж. 37,9 млн т шалы (акталбаган) даярдалган. Ошондой эле жүгөрү, арпа, буудай, буурчак (жылына 500 миң г; нут, маш ж. б.), май берүүчү өсүмдүктөр (0,5 млн г; кычы, pane, кунжут, жержаңгак), картошка (4 млн т га жакын) айдалат. Банан (700 миң гга жакын), тропик жемиштери, татымалдар (300 миң т дан ашык), жашылча (1,5 млн г), балкамыш (7-7,5 млн т жашыл масса), пахта (14-16 миң г) өстүрүлөт. Бангладеш чай өндүрүү боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирет. Чай плантациялары негизинен чет элдик компаниянын (Улуу Бритаиия) көзөмөлүндө. Мал чарбасы анча өнүккөн эмес. Бодо мал негизинен унаа катары пайдаланылат. Эт, сүт жана булгаарыны эчкиден алат. Балык (350 миң т дан ашык, бир азы экспорттолот), креветка (тоң дурулуп экспорттолот) кармалат. Негизги транспорту болгон ички суу жолунун уз. 8,4 миң км (2004). Башкы дарыя порттору: Дакка, Нараянганж, Чаидпур, Барисал, Кхулна. Темир жолунун узундугу 2,7 миң км (2004; анын ичинде 1,8 миң км кууш колеялуу), автомобиль жолунуку 207,5 миң км (1999; а. и. 19,8 миң км асфальтталган). Жаанчыл мезгилде жолдорунан машина өтүүгө мүмкүн эмес. Газ куурунун узундугу 2012 км (2004). Ири деңиз порттору: Читтагонг (жылына 15 млн т жүк ташылат) жана Мунгла (5 млн т га жакын). Дакка шаарында эларалык аэропорт, «БИМАН» авиакомпаниясы иштейт. Сыртка тигилүү кийим, жут жана андан жасалган буюмдарды, булгаары, балык, деңиз продуктулары, чай, минералдык жерсемирткичтер, жемиштер чыгарылат. Сырттан машина жана анын жабдууларын, химикаттарды, кара металл, текстиль буюмдарын, азык-түлүк, нефть, нефть продуктуларын, цемент, пахта алат. Негизги соода шериктери: Индия, КЭР, Сингапур, Япония, АКШ, Германия, Улуу Британия, Франция.

Маданияты түзөтүү

Бенгал тилинде эң байыркы жазма эстеликтери сакталган. Орто жана жогорку билим берүүнү Агартуу министрлиги, ал эми башталгыч билимди муниципалдык башкаруу органы жүзөгө ашырат, ошондой эле Мадрас билим берүү башкармалыгы алдында ислам мектептери бар. Азыркы билим берүү системасы британиялык жана индиялык моделдин негизинде куралган жана 5 жылдык милдеттүү башталгыч билим берүү, толук эмес (6-10-кл.), толук (11- 12-класс) орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Калкынын (15 жаштан жогоркусунун) 57% и билимсиз (аялдар 68,2%; 2003). 11 мамлекеттик, 20 менчик окуу жайы бар. Ири университеттери: Дакка (1921), айыл чарба (1961, Майменсингх ш.), инженер-технология (1962, Дакка), Читтагонг (1966). Илимдер академиясы (1973), Борбордук калк китепканасы (1958), Улуттук китепкана (1958), ошондой эле Улуттук (1913, Дакка), искусство жана археология (1927) музейлери бар. Мезгилдүү басма сөзү өнүккөн. Бенгал жана англис тилинде китеп, гезит-журналдар чыгарылат. «Бангладеш Бетар» мамлекеттик радиосу 7 тилде уктурулат (Европа, Пакистан, Индия мамл. боюнча). Телекөрсөтүүсү «Бангладеш телевижен» мамлекеттик телекомпаниясы, ошондой эле менчик спутниктик жана кабелдик телеканалдары иштейт. Ал эми оозеки адабияты бенгал тилинде өнүгүп, мусулман маданияты менен тыгыз байланышта болгон. 16-17-кылымда лирика жанры өкүм сүргөн. Ошол кылымда (Моноши, Чонди) жөнүндө дастандар айтылган. 19-кылымдын башында диний-мифологиялык сюжетти философия поэзия сүрүп чыгарып, проза жанры пайда болгон. Роман, повесть, аңгеме, драмалар жазыла баштаган. 15-18-кылымында бенгалдык мусулмандар бенгал тилинде араб жана перс көркөм чыгармаларын айкалыштырган поэтикалык чыгармаларын жаратышкан жана көркөм чыгармаларында байыркы улуттук үлгүлөргө көбүрөөк көңүл бурулган. 19-кылымда бенгал мусулмандары индустардан айырмаланып, көркөм чыгармаларында эски улуттук салтын сактаган. 20-кылымдын 1 -жарымында алгачкы мусулман авторлордон Назрул Ислам чыккан. Ошондой эле Абдул Фазл, Малик Богдапаздхай, Жошим Уддин сыяктуу акын-жазуучулар чоң салым кошкон. Чыгыш бенгал фольклорун изилдөөчү Жасимуддин элдик ыр-күүлөрү менен таанымал, Суфия Камал аялдардан чыккан 1-акын, ал ырларын Р. Тагордун поэзиясына таасирленип жазган. 1940-ж. Пакистан мамлекетин түзүүгө катышкан кээ бир мусулман акындар (акын Фаррук Ахмад ж. б.) чыгармаларынын сюжеттик, стилдик өзгөчөлүктөрүнө басым жасашкан. 1947жылдан бенгал адабияты өз алдынча өнүгүү жолуна түшкөн. Бангладеш аймагында 7-12-кылымга таандык искусство эстеликтери сакталган, алар Пуидранагара (Махаст-хаи) шаарынын чындоосунун калдыктары, Пахарпур, Майнаматидеги культтук сюжеттеги терракот рельефтүү, таш жана коло скульптуралуу будца монастырлары. 12-кылымдын аягында 13-кылымдын башында Бангладеште ислам дининин жайылтылышы, Бангладеш маданиятына ошондой эле Азия, Жакынкы Чыгыштын мусулмандык идеяларынын кириши сыйынуу жайларынын (мечит, мунара, медресе) курулушуна жана көркөм чыгармалардын жаралышына таасирин тийгизген. 16-17-кылымда негизинен могол миниатюрасы мектебинин таасири менен миниатюра жазуу искусствосу өнүккөн. Англиянын бийлиги мезгилинде салттуу курулуштар менен катар неоклассицизм стилиндеги курулуштар (темир жол вокзалдары, банк ж. б.) курулган. 20кылымдын 2-жарымында архитектуралык салттык өзгөчөлүктөрдү айкалыштырган көп кабаттуу туракүйлөр курула баштаган. Дакка монумент имараттарга бай маданий борборго айланган. Ошол эле мезгилде сүрөт өнөрү өнүгүү жсшуна түшкөн. 3. Абедин, А. Сафиуддин, К. Хасаи ж. б. живописчилер жана графиктер жөнөкөй адамдардын турмушун чагылдырган европалык реализм багытындагы чыгармаларын жараткан. Байыркы монументалдуу живописке жана моголдук миниатюраларга басым жасалган (Батыштын исквосу живописчилер М. Башира, М. Кибрияга жана график К. Чоудхуриге таасирин тийгизген). Көркөм-жасалга өнөрүндө негизинен жыгач, пилдин сөөгүн, карапаны көп колдонушат. Бангладештин музыкасы түндүк индиялык (негизинен Бенгалиянын) музыка салттык маданияты менен тарыхый байланыштуу. Бир нече кылымдар бою бангладеш индуизм жана буддизмден таасирленип өнүккөн. 7-13-кылымдарда Бангладеште ислам маданиятынын өсүшүнүн таасири астында классикалык вокалдык стилдер калыптанган. 13-кылымдан баштап Бангладеш музыкасы Түндүк Индия салтындагы хиндустан нугунда өөрчүй баштаган. 18-20-к. хиндустан маданиятындагы жеңил классикалык стили калыптанган. 20-кылымдын классик ырчыларынын бири Бегум Акхтар болгон. Кийин (англ. колония учурунда) европа музыка элементтеринен таасирленген. Бангладештин музыка маданиятынын өнүгүшүндө бир нече ырлардын автору, музыкант Бангладештин музыкасына ислам музыкасынын элементтерин киргизип, «назрулгити» стилин жараткан Назрула Ислам (1899-1976) зор салымын кошкон. 21-кылымдын башында белгилүү акын Р. Тагордун ыр мурасы таанылган. 1947-ж. патриоттук ырлар өнүгүп, элге кеңири таралган. 1960-жылдары киномузыка жаралса, ал эми 20-кылымдын аягында популярдуу музыка кеңири жайылган. Дакка шаарында Улуттук көркөм искусство академиясы жана «Шилпакала» маданият борбору, Назрула Ислам академиясы (1964) иштейт. 1947-жылдан музыкалык маданияттын исламдашуусу күчөгөн. 1970жылдары элдик музыкага өзгөчө мамиле жасалган. Бангладеш көз каранды эместигин алгандан кийин театр, кино тармагы өнүгүү жолуна түшкөн. 1994-ж. Дакка шаарында Азия борбор театры ачылган, кийин 1996-ж. репертуардык театр Бангладештеги 1-профессионалдык группа түзүлгөн. 1955-ж. Дакка киностудиясы негизделген. Негизинен мелодрама жанры басымдуу. «Сиражу Дола» (1968, реж. X. А. Рахман), «Турмуш чындыгы» (1972, реж. 3. Райхаи) аттуу фильмдер пакистандык бийликти сындаган. 1970-90-ж. кино социалдык маселелерге, ошондой эле эркиндик үчүн күрөшүүгө багытталган. «Дагы эле түн» (1972), «Жашоого кайрылуу» (1973, реж. X. Рахмаи) «Асман менен жер ортосунда» (1974, реж. С. Датта), «Чексиз жол» (1978), «Ачкачылык» (1986, реж. А. Хусейн); «Кырсык» (1985, реж. Ш. Ниамат) ж. б. белгилүү кинолору бар. «Топурактан жасалган таан» (2002, реж. Т. Масуд) фильми эл аралык атак алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4