Банджо (англ. banjo) - америкалык негрлердин кылдуу чертме музыкалык аспабы.

  • Чарасы жаргак менен капкакталган, моюну беренелерге бөлүнгөн.
  • 4-9 кылдуу, плектордун жардамы менен ойнолот.
  • Банджо ар кандай көлөмдө, түрдүүчө күүлөнөт.
  • Банджо түрлөрү укулеля (4 жалаң кабат кылдуу).
  • Банджонун мандолина (4 эки кылдуу), Банджо гитара (6 жалаң кабат кылдуу), Банджо тенор (4 жалаң кабат кылдуу) ж. б. түрлөрү бар.
Банджо.
Банджо.
  • 20-кылымдан джаз-оркестрлер уюштурулат. Банджо жеке ойноочу жана коштоочу аспап катары пайдаланылат. Банджо ар бири ар кандай күүлөнөт. Мис., Банджо-мандолина, Банджо-гитара кадимки эле мандолина примадай, 6 кылдуу гитарадай күүлөнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.