Банту тилдери бенуэ-конгол тил тобу; Африканын борбордук жана түштүк аймагында жашаган банту элдеринин тили. Грамматикалык жана сөздүк курамы боюнча бири бирине өтө жакын, типологиялык жактан флексия элементтери бар агглютина тилдерге кирет. Илим бантуистика 19-кылымдын ортосунан өрүш алган. М. Гасринин классификациясы боюнча Банту тилдери 15 зонага бөлүнүп, көп сандаган тилдерден турат. Анын негизгилери: суахили (Танзания жана ага чектеш өлкөлөрдөгү адамдар сүйлөйт), ньямвези, камба, руньянкоре, сукума, кикуйю, конго, нгала (лингала), луба, мбунду, рунди, руанда, ганда, (луганда), дуала, эвондо (яуенде), булу, суто, свати, чуана, кирега, ошондой эле шона, монго, коса, зулу, гирьяма, ньоро, фипа, лугуру, гереро тилдери. Суахили тилинин таралуу чөйрөсү өтө тездик менен кеңейип, тропикалык Африканын чыгыш бөлүгүндөгү көпчүлүк өлкөлөрдүн калкынын өзара байланыш каражатына айланууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4