Барион заряды (барион саны, В) – элементардык бөлүкчөлөрдүн ички мүнөздөмөлөрүнүн бири. Бариондор үчүн барион заряды бирге, антибариондор үчүн минус бирге барабар. Бөлүкчөлөр системасынын барион заряды барион м-н антибарион сандарынын ортосундагы айырмага барабар. Атом ядросунун барион заряды анын массалык санына барабар.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек.

ISBN 9967-14-010-0