Барограф - (гр. baros оордук, басым, graph жазам) атмосферадагы аба басымын үзгүлтүксүз өзү жазып туруучу прибор. Метеорологиялык станцияларда жана басымдын өзгөрүшү боюнча аныкталуучу бийиктикти үзгүлтүксүз жазуу үчүн самолёттор менен аэростаттарда пайдаланылат. Кабыл алуучу бөлүгүнүн иштөө принциптери боюнча барограф анероиддик жана сымаптык болуп бөлүнөт. Практикада көбүнчө анероиддик барограф пайдаланылат. Анын кабыл алуучу бөлүгү мамычага бириктирилген бир нече анероиддик кутучадан турат, к. Анероид.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4