Бартольд, Василий Владимирович

Василий Владимирович Бартольд (немисче Wilhelm Barthold; 1869-1930) - Орусиянын чыгаан чыгыш таануучу окумуштуусу, академик, тарыхчы, булак таануучу, чыгыш булактарынын котормочусу, Орусияда жана Советтер Биримдигинде чыгыш таануу илимин өркүндөткөн адис, түрколог, кыргыз таануучу.

Бартольд, Василий Владмирович

Кыргыз элинин ар түрдүү тарыхый этаптардагы социалдык тагдырына, рухий маданияты менен каада-салтына олуттуу көңүл буруп,тарых үчүн баалуу изилдөөлөрдү, эмгектерди жазып калтырган.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Василий Владимирович Бартольд 1869-ж. 3(15)-ноябрда падышалык Орусиянын ордо шаары Санкт-Петербургда орусташкан немистин үй-бүлөсүндө төрөлгөн; чоң аталары Балтика боюнан чыккан, чоң таятасы - лютеран пастору - Орусияга Гамбургдан көчүп келген.

В.В.Бартольддун атасы биржа маклери болгон.

1887-ж. В. В. Бартольд Орусиянын ордо шаарында 8-Санкт-Петербург гимназиясын алтын медаль менен бүтүрөт.

Ошол эле 1887-ж. Санкт-Петербург университетинин араб-перс-түрк-татар тарамы боюнча чыгыш тилдер факультетине кирет.

Студент жылдары В. В. Бартольд араб, перс, түрк тилдерин терең үйрөнгөн, бирок аны Жакынкы жана Ортоңку чыгыш өлкөлөрүнүн орто кылым тарыхы баарынан көп кызыктырган.

Университетте В. В. Бартольд түрколог П.М.Мелиоранский (1868—1906) жана жашы, кызмат абалы боюнча канчалык айырмачылык болсо да, мүмкүн болушунча түрколог академик В.В.Радлов (1837—1918) менен жакындашкан.

Университетте эле В. В. Бартольд илим-изилдөө иштерине аралашкан. 1889-ж. В. В. Бартольд факультетте «Орто Азиядагы христиан дини жөнүндө» деген чыгармасы үчүн күмүш медалга татыган.

1891-ж. Петербург университетинин чыгыш тилдери факулътетин бүтүрүп, ошол жерде илимий жана окутуучулук кызматта иштейт. В. В. Бартольд В. Р. Розендин берген кеңеши боюнча квалификациясын жогорулатыш үчүн 1891—1892-жылдарда өз эсебинен чет өлкөлөрдү кыдырат: Финляндияда, Германияда, Швейцарияда, Түндүк Италияда, Австрияда, Венгрияда жана Краковдо болот. Мекенине кайтып келгенде В. В. Бартольд «Чыгыш тарыхы кафедрасы боюнча профессор наамын алууга даярдоо үчүн» С.-Петербург университетине калтырылган (1892-ж.).

1893-ж. ал магистр илимий даражасына сыноодон өткөн.

1896-ж. приват-доцент наамын алып, Санкт-Петербург университетинде дарс окууга киришет.

1897—1901-жылдары В. В. Бартольд Санкт-Петербург университетинин алдындагы минц-кабинеттин сактоочусу да болгон.

ХIХ кылымдын токсонунчу жылдары В. В. Бартольд өзүнүн негизги «Түркстан моңголдор чабуулу доорунда» деген эң маанилүү эмгегин жараткан.

Бул эмгекти 1900-ж. күзүндө ал чыгыш тилдери факультетине магистр илимий даражасын алуу үчүн диссертация катары берген.

Диссертация жактагандан кийин В. В. Бартольд университет тарабынан жогорку даражага — Чыгыш тарыхынын докторуна татыктуу болгон.

1901-жылдан Бартольд—Санкт-Петербург университетинин экстраординардык, ал эми 1906-жылдан ординардык профессору, 1906—1910-жылдарда ал чыгыш тилдер факультетинин катчысы болгон.

1910-ж. аны Орусия Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденттигине, ал эми 1913-ж. (12-октябрда) академиктикке шайлашкан.

1905—1912-жылдары Орус археология коомунун Чыгыш бөлүмүнүн катчысы, 1908—1912-жылдарда «Орус археология коомунун Чыгыш бөлүмү жазмаларынын» (ЗВОРАО) редактору болгон.

В. В. Бартольд Орус география коому менен да кызматташкан.

И. П. Минаевдин котормосунда коом басып чыгарган Марко Полонун «Саякатынын» редактору болгон.

1912-ж. ал ислам таануу боюнча «Ислам дүйнөсү» илимий журналын түзүү демилгечилеринин бири жана редактору болуп калат. Биринчи том чыккандан кийин В. В. Бартольд ички иштер министри Макаровдун журналды нагыз илимий, объективдүү органдан падышачылыктын улуттук-колониялык саясатынын жарчысына айландыруу талабын кескин четке каккан, ошондуктан редакторлоодон бошотулган.

В. В. Бартольд Орто жана Чыгыш Азияны үйрөнүү үчүн 1903-ж. түзүлгөн орус комитетинин эки катчысынын бири болгон. Комитет иштеген бүткүл мезгил ичинде анын бардык протоколдорун, В. В. Бартольддун айтканына караганда, жалгыз өзү түзгөн.

В. В. Бартольд илимий максаттары менен кол жазма сакталуучу жайларда иштөө үчүн же археологиялык иштерди жүргүзүү үчүн далай жолу Борбордук Азияга келген; алсак, В. В. Бартольд 1893—1894-жылдары Санкт-Петербург университети менен Илимдер академиясынан, 1902-ж. Санкт-Петербург университетинен Орто Азияга, 1904-ж. , ошондой эле 1916-ж. Орус комитетинен Орто жана Чыгыш Азияны үйрөнүү үчүн Самарканда казууларды жүргүзүү максатында Орто Азияга барган.

В. В. Бартольд 1900- жана 1908-жылдары Кавказда (Ани) да илимий командировкаларда болгон.

В. В. Бартольд чет өлкөлөргө дамамат каттаган: 1895-ж. (Париж, Лондон, Оксфорд, Голландия), 1898-ж. (Германия), 1905-ж. (Германия, Австрия, Тироль, Швейцария), 1906-ж. (Австрия, Сербия, Болгария, Түркия, Египет), 1908—1909-жылдары (Италияда Неаполго чейин, Будапешт), 1909-ж. (Финляндия), 1911-ж. (Ирландия, Түндүк Америка, Германия, Франция), 1912-жылы (Вена, Тюбинген, Гамбург, Любек), 1913-ж. (Швеция менен Норвегия), 1914-ж. (Швеция, Дания, Англия, Гибралтар, Тулон, Италия, Греция, Болгария, Румыния).

В. В. Бартольд ишке аябагандай жөндөмдүүлүгү менен айырмаланган. Окутуу иштери менен алектенип, илимий коомдор, журналдар менен кызматташса да, ал "негизги ишим илим-изилдөө" деп эсептеген.

Бартольд Иран, Закавказье өлкөлөрүнүн, араб өлкөлөрүнүн, түрк элдеринин, моңголдордун тарыхын аркалап, ислам таануу жагында иштеген, бирок ал Орто Азия тарыхы жаатында баарынан көп иштерди аткарган.

Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин В. В. Бартольддун илимий-коомдук жана илимий-уюштуруучулук ишмердиги өтө кеңири кулач жайган.

Ал Илимдер академиясынын чыгыш таануучулар Коллегиясынын туруктуу төрагасы болгон. Ташкенде Орто Азия мамлекеттик университетин уюштуруу боюнча даярдык иштерине катышкан бүткүл чыгыш таануучуларды (1918-жылдан баштап) бириктирген В. В. Радлов атындагы ийримдин жетекчиси, андан кийин Түркология кабинетинин жетекчиси (1928—1930-жылдары), материалдык маданият тарыхынын Мамлекеттик Академиясынын (ГАИМК) тең төрагасы, «Иран» илимий журналынын жана Илимдер Академиясынын башка басылыштарынын редактору болгон.

1920-жылдарда В.В.Бартольд кайрадан түзүлгөн Ленинград чыгыш тилдер институтуңда жана Ленинграддын башка жогорку окуу жайларында окутуучулук ишмердигин да уланткан.

В. В. Бартольд 1920,1927—1928-жылдары Орто Азияга илимий кыдырууларды жасаган.

Октябрь социалисттик революциясынан кийин В. В. Бартольд изилдөө иштерин мурдагыдай эле ыкчам жүргүзгөн.

Негизги илимий эмгектеринен тышкары В. В. Бартольд бир катар илимий-популярдуу эмгектерин: «Ислам», «Мусулман маданияты» (экөө тең— 1918), «Түркстан тарыхы» (1922) , «Түркстандын маданий турмушунун тарыхы» (1927), ошондой эле ал кезде дээрлик иштелбеген тажиктердин (1925), кыргыздардын (1927) , түркмөндөрдүн (1929) тарыхы боюнча очерктерди жарыялаган. Бул эмгектер ушул элдердин тарыхын изилдөөдөгү жаңы этаптын ачылышы болгон.

1882—1930-жылдардын аралыгында бардыгы болуп В.В.Бартольддун 400дөн ашуун илимий иштери басмадан чыккан.

Бир нече эмгектери анын көзү өткөндөн кийин жарыяланды . Анын эмгектеринин көпчүлүгү чет тилдерге (асыресе түрк, перс, араб) которулган жана чет өлкөлөрдө басылып чыккан.

В. В. Бартольд «Ислам энциклопедиясына» 246 макала киргизип, анын өнүмдүү кызматкеринен болгон.

В. В. Бартольддун өмүрүнүн соңку жылдары анын сүйүктүү жубайы Мария Алексеевнанын 1928-ж. майда күтүүсүз дүйнөдөн кайтышы менен кайгылуу болгон.

В. В. Бартольддун жеке турмушу аны менен ажырагыс байланышкан (алардын балдары болгон эмес).

Ал жубайынан ажырагандан кийин көп жашабады.

В. В. Бартольд 1930-ж. 19-августта 61 жашка караган курагында Ленинградга жакын санаторийде (бөйрөк оорусунан) дүйнөдөн кайтты. Ал Ленинграддагы Смоленск көрүстөнүндө аялы менен бир мүрзөгө коюлган.

Эмгектеринин кыскача тизмеси түзөтүү

  • Бартольд В.В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер / Түз. кошумча түшүндүрмөлөр ж-а алгы сөз жазган Ө.Караев; Кырг. котор. котормочулар жамааты; Кыргызча чыгарылышынын илимий редактору — филология илимдеринин кандидаты С. Кайыпов. — Бишкек: «Айбек» фирмасы, 1997. — 456 б. - ISBN 9967-12-002-9.
  • (Бул китеп(жеткиликсиз шилтеме) «Кыргыз Республикасында гуманитардык билим берүүнү өзгөртүү» программасынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлиги менен бирдикте «Кыргызстан — Сорос» фонду тарабынан чыгарылды).
  • Бартольд В.В. Собрание сочинений в 9 томах. - М.: Наука, 1963—1977. - Т. 1-9.
  • Бартольд В.В. Киргизы: Исторический очерк. - Фрунзе, 1927.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү