Баскак - Чынгыз хандын каратып алган элдердеги ишенимдүү өкүлү. Аны даруга (моңголчо мөөр ээси) деп да аташкан. Басып алынган элдердин кирешесинин ондон бир бөлүгү хан казынасына жана он адамдан бирөө хан аскерине алынууга тийиш болгон. Монголдор каратып алышкан жерлерде жергиликтүү элдердин өкүлдөрүн башкаруучу кылып дайындоо менен аларды көзөмөлдөп туруу жана салык чогултуу үчүн хан чөйрөсүнөн чыккан атайын адамдар баскактар дайындалган. Баскак системасы 1252-ж. эл каттоонун жүрүшүндө киргизилген. Баскактын карамагында жазалоочу атайын аскерлери болгон. Алар кокусунан кол салуудан сактануу үчүн шаардын сыртында турушкан. Орустар алар турган жерлерди «татар слободасы» деп аташкан. Эгерде кайсы бир князь хандын буйругун аткарбай же салык төлөөдөн баш тартса, баскак өз аскерлери менен аларга каршы аттанып, жазалап турган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4