Батперек учургандар (роман)

"Батперек учургандар" (англ. The Kite Runner) — ооган-америкалык жазуучу Халид Хоссейнинин биринчи романы. 2003-жылы Riverhead Books тарабынан басылып чыгарылган роман кичинекей бала Амирдин окуясын баяндайт. Ал Кабулдун Вазир Акбар Хан аймагында жашайт жана эң жакын досу Хассан өзүнүн өгөй бир тууганы болот. Окуя Афганистандагы монархиянын кулашынан тарта Советтик аскерлердин өлкөгө киришине, көп сандаган афган качкындарынын Пакистан, Кошмо Штаттарга кеткенине чейинки башаламан окуяларды жана Талибан режимин чагылдырат.

Хоссейни "Батперек учургандар" — бул баяндоонун үй-бүлөлүк аспектине басым жасаган ата-бала окуясы деп комментарий берген. Мындай элементти ал өзүнүн кийинки эмгектеринде да колдонгон. Күнөө кылуу жана күнөө жуу темалары романда басымдуулук кылат. Хассанга болгон зордук-зомбулукту Амир токтото албай калганын сүрөттөгөн жеринде окуя туу чокусуна жетет. Китептин калган бөлүгүндө Амир Хассандын уулун жыйырма жылдан киийн куткаруу менен ошол катачылыктарын оңдоого аракет кылганы тууралуу баяндалат.

"Батперек учургандар" китеп болуп басылып чыгарылгандан кийин бестселлерге айланып, китеп клубдарында жайылтылган. Ал New York Times гезитинин бестселлер тизмесинде эки жыл бою биринчи саптан түшкөн эмес жана Кошмо Штаттарда жети миллиондон ашуун нускасы сатылган. Сынчылар жалпысынан оң ой-пикирлерди айтышканы менен китептин мазмунунун айрым бөлүктөрү Ооганстанда олуттуу талаш-тартыштарды жараткан. Китеп жарык көргөндөн кийин 2007-жылы окшош аталыштагы тасма, бир канча сахналык көрсөтүүлөр жана графикалык роман сыяктуу бир нече ылайыкташтыруулары пайда болгон.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү