Батыш Сьерра-Мадре кырка тоосу

Батыш Сьерра-Мадре кырка тоосу - Түндүк Америка Кордильерасынын Батыш тилкесиндеги кырка тоо; Мексикада. Батышынан Мексика тайпак тоосу менен чектешет. Узундугу 1300 км, эң бийик жери 3150 м (Чоррерас чокусу). Негизинен метаморфизмделген тоотектерден туруп, лаванын калың катмары менен капталган. Күмүш жана алтын кендери бар. Терең өрөөн-капчыгайлар менен тилмеленген. Түндүгүн ксерофилдик бадалдар жана кызыл карагайлуу сейрек токой, түштүгүн катуу жалбырактуу жана жайында жашыл токойлор ээлейт.

Батыш Сьерра-Мадре кырка тоосу.
Батыш Сьерра-Мадре кырка тоосу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4