Баш-КайыңдыКыргызстандын Нарын облусунун Ат-Башы районундагы айыл. Баш-Кайыңды айыл аймагына кирет.

Баш-Кайыңды
Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

4078[1] (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Райондун административдик борбору ― Ат-Башы кыштагынан 10 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 257 км. 1932-жылы орношкон. Деңиз деңгээлинен 2140 м бийиктикте. Калкы негизинен мал чарбасында эмгектенет.

Орто мектеп, балабакча, ФАП, китепкана, клуб, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Кыштакта Советтик Союзунун Баатыры Д. Асанов туулган.

Калкы түзөтүү

Калкы ― 4078 киши (2009-жылы)[1]. 2005-жылы ― 4121.

Булактар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4