Баялыш - (лат. Salsola) өсүмдүктөрдүн шакардуулар тукумундагы уруусу; көп жылдык же бир жылдык чөп, бадалча жана бадал. Жалбырагы калың, ичке. Гүлү жалгыздан, эки жыныстуу же топтошуп жалбырак колтугунан өсөт. Топгүлү - машак сымал же шыпыргы. Мөмө коргонунун сегменттеринен пайда болгон мөмөсүнүн желекчелери бар. Негизинен өзү менен өзү, кээде шамал жана курт-кумурска аркылуу чаңдашат. Евразия, Африкада 200дөй, Кыргызстанда 20га жакын түрү өсөт. Алар кой, эчки жана төөлөргө негизги тоют. Айрымдары дары өсүмдүк.

Баялыш
Илимий классификация
Эл аралык илимий аталышы

Salsola L., 1753

Синонимдер

Систематика
Уикитүрлөрдө

Сүрөт
сүрөт издөө
ITIS  20654
NCBI  151233
EOL  38063
GRIN  t:10668
IPNI  6983-1
TPL  ???

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4