Баяндооч - грамматикалык жактан сүйлөмдүн ээсине баш ийип, анын кыймыл-аракетин, абалын, сыпатын, мүнөзүн, санын, ким, эмне экендигин билдирүүчү баш мүчө. Баяндооч ээге баш ийип, аны жак, сан боюнча ээрчип айтылат, предикативдик катышты түзөт. Тутумуна карай жөнөкөй, тутумдаш баяндооч болуп бөлүнөт. Баяндоочтун милдетин, негизинен, этиш жана атооч сөз түркүмдөрү аткарат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4