Белгилөө тили же текст белгилөө тили (англ. Markup Language) - Тексттин түзүлүшү, иреттелиши жана тизилиши жөнүндө маалымат берүү үчүн текстке коюлган белгилердин же берилиштердин жыйындысы. Компьютердик тилдердин классына кирет. Белгилөө тилдери көп жылдардан бери колдонулуп келе жатат. Алардын ичинен эң кеңири жайылганы деп HTML тилин атоого болот.

Рецепттерди түзүү үчүн XML дин базасында түзүлгөн жөнөкөй белгилөө тили RecipeBook дун мисалы. Белгилөө тилиндеги документти программалоо тилин же XSL ди колдонуу аркылуу HTML, PDF жана Rich Text Format документтерине өткөрүү мүмкүн.

Белгилөө тилин колдонулуп жазылган документтин өзгөчөлүгү, ал тексттин өзүн гана (адатта, сөздөрдүн жана тыныш белгилеринин жыйындысы) эмес, бирок, анын ар кайсы орундары жөнүндө кошумча маалыматтарды камтыйт. Мисалы, баш аттарына, белгиленген жерлерине, тизмелерге көрсөтмө берүү. Баарынан да белгилөө тили документке интерактивдүү элементтерди же башка документтердин курамдарын коюуга мүмкүндүк берет.

Дагы айтып койуш керек болгон нерсе, белгилөө тили эч качан программалоо тили болуп эсептелбейт.