Беллинцона

Швейцариядагы шаар
Беллинцона шаары‎»‎ барагынан багытталды)

Беллинцона шаары - Швейцариянын түштүгүндөгү шаар. Тичино (Тессин) кантонунун админстративдик борбору. Калкы 17 миң (2005). Леопонтин Альп тоолорунан түштүктө, Тичино дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Трансальп темиржол магистралындагы жана Цюрих Милан автомобиль жолундагы ири жол тоому. 1250-жылдар ченде негпзделген. 14-15-кылымдарда Милан герцогдугунун, 1503жылдан Швейцария Союзунун курамында болгон. Беллинцонанын тарыхый очогу болуп дөбөдө жайгашкан үч сепил [Кастель-Гранде (4-кылымда негпзделип, 13-15-к. курулган), Кастелло-дп-Монтебелло (13-15-к.; учурда тарых музейи), Кастелло-ди-Сассо-Корбарио (1479)] эсептелет. Алар Сен-Готард, Лукманир жана Сан-Бернардино ашууларына кеткен жолду тосуп турат. Сепилдер Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Булардан тышкары роман стилиндеги Ионн Креститель (12-13-к.), Ыйык Павел (14-15-к. фасадындагы жана интерьериндеги фрескалар 15-,16-к.), ренессанс стилиндеги соборлуу чиркөөлөр (15-кылымдын аягы 16-кылымдын башы), Санта-Мария-делле-Грацие базиликасы ж. б. бар. Театрлар, сүрөт галереясы, музейлер иштейт. Экономикасында тейлөө сектору басымдуу. Өнөр жайы жергиликтүү гана мааниге ээ.

Беллинцона.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4