Белль Генрих (21. 12. 1917-ж. т. ) - немис жазуучусу (ГФР). Чыгармалары 1947-жылдан жарыялана баштаган.

Heinrich Böll, 1981

Алгачкы маанилүү чыгармалары: "Адам, сен кайда болдуң?" (1951, орусчасы 1962), "Бир да сөз айткан жок" (1953, орусчасы 1958), "Ээси жок үй" (1954, орусчасы 1959), "Клоундун көзү менен" (1963, орусчасы 1964) ро-мандары, "Поезд өз убагында келет", "Жаш чактагы нан" (1955), "Бир командировканын акыры" (1966) по-весстери. Ушул ж. б. чыгармаларында фашизмдин кайра калыбына келиши-нен сак болууга чакырат, гуманист-тик идеяларды козгойт. Белльдун чыгармаларына адамдын ич дүйнөсүн, психологиясын терең ачуу мүнөздүү.

Анын чыгармалары СССР элдеринин тилдерине которулган. Нобель сыйл. лауреаты (1972).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.