Березина - Белоруссиядагы дарыя, Днепрдин оң куймасы.

Березина

Уз. 613 км, алабынын аянты 24 500 км2. Минск дөңсөөсүнүн түндүк -чыгыш тарабынан башталып, Борбордук Березина түздүгү аркылуу агат.

Башкы куймалары: Борбордук Клева, Ольса, Ола (сол), Гайиа, Свис-лочь (оң). Жылдык орточо чыгымы (чатында) 145 м3/сек. Булактардан жана кардан куралат. Декабрдан апрелге чейин тоңот. Чатынан Сергуч дарыясына чейин (505 км) кеме жүрөт. Жээгинен Борисов, Бобруйск шаарлары орун алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б. Калып:River-stub