Бертло Пьер Эжен Марселей

Бертло Пьер Эжен Марселей (25. 10. 1827-18. 3. 1907) - француз химиги жана коомдук ишмер. Париж ИАнын мүчөсү (1873), Петербург ИАнын мүчө-корр. (1876).

Бертло -органикалык химия, термохимия, агрохимия жана химиянын тарыхы боюнча көп эмгектердин, химиялык негизги синтездердин автору. Ал бир канча органикалык бирикмени синтездеп алуу менен "турмуштук күч" жөнүндөгү окууга сокку урган. 1853-54-ж. май кислоталарын глицеринге таасир этүү-дөн жаратылыш майына жакын майды синтездеген. Күкүрт кислотасынын катышуусу менен этиленди гидраттап, этил спиртин алат, буга чейин этил спирти кантты ачытуудан гана алынып келген. Бертло башка да көп жөнөкөй углеводороддорду (метан, этилен, ацетилен, бензол), алардын негизинде татаал бирикмелерди синтездейт.

1881-ж. экзо- жана эндотермиялык реакциялар жөнүндө түшүнүктү киргизген. С, Н, N ж. б. элементтердин өсүмдүктөр үчүн чоң мааниси бар экендигин түшүндүргөн. Бертло кээ бир көз караштарынан жаңылыштык кетирип, атом-молеукулярдык, хим. түзүлүш, электролиттик диссоциация теорияларына жана мезгилдик законго каршы турган. Бирок кийин өзүнүн туура эмес ойлорунан баш тарткан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.