"Берүүчү" (англ. The Giver) — америкалык Лоис Лоуринин 1993-жылы жарык көргөн өспүрүмдөрдүн дистопиялык романы. Китептеги окуя адегенде утопиялык болуп көрүнгөнү менен бирок бара-бара анын дистопиялык экени ачыкка чыгат. Роман окурмандарды Жонас аттуу 12 жашар баланын окуясына жетелейт. Ал коом кайгы менен жаңжалды "Окшоштукка" айлантуу менен жоюп салып, бул план алардын жашоосундагы эмоционалдык тереңдикти да түп-тамырынан жок кылып салат. Жонас Эс тутумдун кабыл алуучусу кызматты аркалаш үчүн тандалат. Анын милдети "Окшоштукка" чейинки болуп өткөн бардык эс тутумдарды сактап, коомчулук үчүн маанилүү чечим кабыл алыш керек болгон учурда өтмүштөн алынган акылмандыктын негизинде өз кеңешин берип турат. Жонас ага айтылган жаңы сезимдер менен түшүнүктөрдү кабыл алууда кыйынчылыктарга тушугат. Башкы кыйынчылык алардын негизи жакшыбы, жаманбы, же болбосо алардын ортосунда турган нерсеби жана алардын бирин бири-биринен көз карандысыз түрдө алса болобу-жокпу деген ойлор түкшүмөлгө салат. "Коомчулуктун" эч кандай түсү, эс-тутуму, климаты, жер аянты болбойт. Мунун баары жеке инсандыктан тышкары түзүлүштү, тартипти жана чыныгы теңдик сезимин сакташ үчүн жасалат.

"Берүүчү" 1994-жылы "Нүбери" медалын жеңип алып, 2014-жылга карата дүйнө жүзү боюнча 10 миллиондон ашуун нускада сатылган. Австралияда, Канадада, Америка Кошмо Штаттарында китеп көптөгөн орто мектептердеги окуу тизмелерде бар. Бирок ал талаш-тартышка улам-улам жем таштап, Америка китепканага бирикмесинин 1990-жылдардагы эң талашка түшкөн китеп тизмесинин 11-сабынан орун алган. АКШда 2012-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, китеп эң мыкты балдар романдарынын ичинен 4-сапка чыккан.

2014-жылы китептин негизинде тасма тартылып, Жефф Брижес, Мерил Стрип жана Брентон Туэйтес башкы ролдорду аткарышкан. Келечектеги окшош доорду сүрөттөгөн мындай китептердин төрттүгү "Гивер квартети" деп аталып, ага "Берүүчүдөн" тышкары "Көктү чогултуу" (2000), "Кабарчы" (2004) жана "Уул" (2012) чыгармалары кирет.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү