Бетеге (лат. Festuсa, L.) – дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк катары уруусу. КМШда 80 түрү анын ичинен Кыргызстанда 13 түрү кездешет. Негизинен дың жерлердеги тыгыз түптүү өсүмдүк болуп саналат. Европалык аймакта бетегелүү кичине аянттарда гана сакталып, өтө сейрек кездешет. Жайытта өтө эле пайдалуу; жылкы, кой, эчкилерге тоют катары колдонулат. Б-лер гүлдөө фазасында (абсолюттук кургак өлчөмдө) төмөнкү азыктарды камтыйт: протеин 8,5-10,5 % клетчатка 28-32 %, май 2,5-3,5 % зола – 5,5-7 % экстративдүү азоту жок заттар 46-55 %. Топ гүлү шыпыргы сымал, машагы үч, көп гүлдүү. Шалбаа бетегеси, кызыл бетеге, жикчелүү бетеге чарбалык жактан эң маанилүү. Шалбаа б-си тоолуу жерде, токойлуу жана токойлуу талаа зоналарында өсөт. Ар га жерден 50 ц чөп жыйналат. Жикчелүү бороздуу бетеге токойлуу талаа зонасынын түштүгүндө, талаа жана чөл зоналарында өсөт. Кызыл Б. бийикт. 40-45 см; дың топурактуу жерлерде, токойлуу талаалардын шорлуу топурактарында жана Борбордук Азиядагы кара топурактуу талааларда кездешет. Жогорку бетегелерден тышкары дагы Сибирь бетегеси, Украина бетегеси, Залесскийдин бетегесиси, Ичке жалбырактуу бетеге, жалбырагы түшмө бетеге, буралып турган бетеге, жана башка кездешет.

Festuca pratensis.

Колдонулган адабияттар түзөтүү