(жүз аарчы, кол жоолук)

Жүздү ачуучу, белек катары бирөөлөргө берилүүчү «таңдай сайма», «басма сайма», «көптүрмө сайма», «жөрмөмө сайма» аркылуу көркөм көчөт келтирилген төрт бурчтуу сайма буюм. Ал (30—30 см) төрт четинде таңдайлашкан саймалары болот. Уздар жигиттерге сунуучу жүз аарчыда кусалык сырын, сезимин төкпөй-чачпай атайын арзуу менен айлакердикте көчөт аркылуу чагылта турган. Аны колуна алган жигит кыздын жүрөгүндө чөгөрүлгөн сүйүүсүн, болгон дилин «ачып окуй» алат.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)